28

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Милиция кыска мезгилде элдин ишенимин толук түрдө кайтарышы керек”

Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарындагы Ички иштер министрлигин кызматкерлери үчүн  курула турган 207 квартиралуу үйдүн пайдубалын түптөө аземинде билдирди. Премьер-министр бул окуя менен Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктап,  бул иш мамлекеттин укук коргоо кызматкерлеринин турак-жай маселесин чечүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча аракети деп атады: “Жакында эле Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында 180 квартиралуу көп кабаттуу үйдүн жана Баткен шаарында 24 квартиралуу үйдүн ачкычын милиция кызматкерлерине тапшырган эле.  Мындан башка жакынкы күндөрү Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган 60, Чүй облусунун Беловодск айылында 44  жана Балыкчы шаарында 13 квартира Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн тапшырылат. Жалпылап айтканда, быйыл милиция кызматкерлери үчүн 341 батир курулду”-деди Темир Сариев. Премьер-министрдин маалыматында, жалпысынан өлкө боюнча укук коргоо, аскер жана коопсуздук кызматкерлери үчүн 1,5 миң квартиралуу көп кабаттуу үй курулууда. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард 195 миллион сомдон ашык каражат каралды. Темир Сариев өлкөдөгү акыркы окуялар коопсуздукту жана коомдук тартип сактоонун канчалык маанилүү экенин көргөзгөнүн кошумчалады. “Биз бюджеттин тартыштыгына карабай укук коргоо, чек ара, коопсуздук кызматкерлери жана аскерлерге бардык шартты түзүп берип жатабыз. Ошондуктан, укук коргоо кызматкерлерине карата дагы талаптар катууларын эскертким келет. Укук коргоо тармагынын ишин жакшыртуу жана элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу, милициянын реформасын ишке ашыруу коомчулуктун  негизги талаптарынын бири”-деп белгиледи Премьер-министр. Ошондой эле  укук коргоо кызматкерлери мамлекеттик бийликтин күзгүсү экенин белгилеп, алардын кызматын мыйзамдын чегинде аткарышына жараша жарандардын бийликке карата мамилеси аныкталарын Өкмөт башчысы кошумчалады. “Милиция кызматкерлери форма кийип, тартипти коргоо  жоопкерчилигин өзүнө алган соң мыйзамды так сактап, маданияттуулуктун жана мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүшү зарыл. Муну менен катар кылмыштуулукка каршы күрөштүн сапатын жогорулатуу милициянын алдындагы негизги милдеттердин бири. Ал эми форма кийген бир адамдын адепсиз жоругу жалпы укук коргоо кызматкерлеринин, дегеле мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүрөт. Андайларга каршы эң катуу чаралар көрүлүп, чечкиндүү түрдө күрөш жүргүзүш керек”-деди Темир Сариев. ИИМ кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 207 квартиралуу үйгө мамлекеттик бюджеттен 460 миллион 560 миң сом бөлүндү. Анын курулушун 2016-жылдын күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда. Аталган жерге курулуштун экинчи этабынын алкагында  ИИМ кызматкерлери үчүн 216 квартиралуу көп кабатуу үйлөрдү куруу каралап жатат. [su_carousel source="media: 65636,65637,65638,65639,65640,65641,65642,65643,65644,65645,65646" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү