31
Март
2016
Премьер-министр Темир Сариев: «Өндүрүштү жандантуу биздин максат»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев Өкмөт тарабынан өндүрүштү жандантуу жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жигердүү аракеттер көрүлүп жатканын айтып өттү.
Темир Сариев Орус-кыргыз Өнүктүрүү фондунун жаңы концепциясы иштелип чыгып, ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну жакшыртуу жаатында иштер күчөтүлөрүн маалымдады. Ага ылайык, Орус- кыргыз Өнүктүрүү фонду 1 млн долларлык долбоорлорду каржылайт.
"Банктар аркылуу 5% менен доллар түрүндө, ал фонд аркылуу 4% менен доллар түрүндө, 12% сом түрүндө насыялар берилет"-деди Темир Сариев. Бул каражаттардын аныкталган тармактарга максаттуу берилип, эффективдүү пайдаланууга өзгөчө маани берилерин өкмөт башчы кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү