19

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Ош облусуна иш сапар менен жөнөп кетти

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусуна бир күндүк иш сапар  менен кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагындагы 17-ноябрда орун алган жер титирөөдөн жабыркаган турак-жайлардын абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугат. Жер титирөөдөн жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү көзөмөлдөйт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү