25
Август
2015
Премьер-министр Темир Сариев Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун төрагасынын орун басары Ши Даганды кабыл алды
Премьер-министр Темир Сариев Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун төрагасынын орун басары Ши Даганды кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу талкуулады.
Темир Сариев Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин билдирип, эки өлкө кызматташтыгында Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун мааниси өзгөчө экенин билдирди.
“Синцзянь-Уйгур автономиялык району Кыргызстан үчүн Кытайга чыгуу жолу, дарбазасы. Бул аймак аркылуу соода жолдору куралган. Ошондуктан, Кыргыз Республикасы кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө кызыкдар”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев Ши Дагандан Кыргызстан-Кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартып, 8 сааттан 12 саатка жеткирүү жана дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Ши Даган Синцзянь-Уйгур автономиялык району Кыргызстан менен кызматташууну кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан-Кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартууга макулдугун кошумчалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү