18

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Тартип, мыйзамды так сактоо менен өнүгөбүз»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев мамлекетик телеканалдарга өлкөдөгү актуалдуу маселелер, учурдагы өкмөттүн аткарып жаткан иштери жана максаттары боюнча маек курду. Төмөндө анын текстин толугу менен келтиребиз:

-Темир мырза, өкмөт чечкиндүү кадам жасап,  жакшы маанай жараткан иш, мамлекеттик ипотекалык насыя  менен камсыздоо. Эң эле сынга кабылган жери бул программа кайра эле барып, акчалуумун дегендерге тийтип калбайбы?  Азыркы тапта бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык маянасы кандай, айына канча каражат алышат деген сөз?

-Буга чейин кредиттер сом менен берилген эмес. Доллар менен берилген насыялардын пайызы 20-30 % болуп  келген. Миңдеген социалдык тармакта иштегендер батирлеп жүрүшөт. Ал жерде да ээси келди чык десе айла жок чыгып кетишет. Ошондуктан бул президенттин: «Тезирээк чечсеңер элге жардам берсеңер жакшы болот эле»,- деген тапшырмасы болгон. Анын ичинде биз мамлекеттик ипотекалык компания түздүк. Ал азыр иштей баштады. Албетте кезекке тургандар абдан көп. Алардын баарын чече албайбыз. Биз ачык айтышыбыз керек. Эң биринчи кезекте дарыгерлер, маданият тармагында иштегендер жана мугалимдер. Биринчи кезекте булардын тизмеси катталып, кезеги астында болот. Быйыл мамлекеттик ипотекалык компанияга  7 млрд сомго чейин чегерели деп жатабыз. Мындан сырткары дагы биз дагы булактарды издеп жатабыз. Бир гана Бишкек менен Ошто эмес, облустук жана райондук айылдык деңгээлдерде болот. Алар да үй сатып ала алышат. Албетте иштеген адамга сын көп айтылат. Муну каатчылык болуп жатат деп, кылбай деле койсо болот. Бирок биз муну чечип жатабыз. Билесиңер курулуш тармагында иштегендерди эске алсак,  биз үй салуу менен ошол дарыгердин гана проблемасын чечкен жокпуз. Ал жакта канча адамдар иш менен камсыз болуп жатат.

-Өлкө башчысын дагы бир сунушу  менен доллар менен ипотека алгандарды сомго которуу аракети жүрүп жатат. Жарандар арасында сомдун куну түшүп кетпейби деген тынчсыздануу бар. Валюта рыногунда абалды туруктуу сактоо тууралуу кандай чаралар көрүлөт?

-Улуттук валютанын наркы ичте өнүдүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү менен бааланып турат, канчалык көп өндүрсөк, улуттук валюбатыз туруктуу болот. Экинчиден экспорттук потенциал чоң болуш керек. Улуттук валютанын наркы анын туруктуулугу соода балансы менен, анан төлөм балансы менен да бааланат. Бизде соода балансы төмөн болчу. Ал негизинен жарандарыбыз бул жакка киргизип жаткан валюта менен аныкталчу. Бул жакта дагы азыр кичине кыйынчылык бар. Россияда, Казакстанда, Түркияда иштеп жүргөндөргө да байланыштуу.  Башка жактарда каатчылык болуп жатат. Дүйнөлүк каатчылыктын бизге да түздөн түз таасири бар деп айтып атабыз. Залакасы бизге да түздөн-түз тийип жатат десек болот. Буга чейин  доллар арзан кезде кредит алып алышып, азыркы тапта кыйналып калышты да. 2015-жылдын 1-июлунда курс боюнча сомго которуп беребиз. Бул 62 сомдун тегерегинде болду. Кредиттерди убагында бюджеттик мекемелерде иштеп 13-16 % менен доллардык кредит алып алышкан. Азыр анын наркы өсүп кеткенден кийин алар кыйналып калышты. Биз муну Улуттук банк менен бир нече жолу иштеп, аны карап чыктык. Мындан кийин алар банктарга кредиттерин сом менен төлөп калышат. Доллардын өскөнүнөн коркпой калышат да. Биз биринчи кезекте 40 миң долларга чейинкилерин алдык.  Эң ылдкыйкы катмарды эске алган карыздарды алдык. Экинчиден квартиранын көлөмүн эске алдык. Анын дагы чарчы метри 3-4 бөлмөлүүлөрүн  алдык. Экстерттер бул рыноктук механизм эмес да, деп жатышат. Туура бул рыноктук механизм эмес, мамлекетке  социалдык механизм болуп калат. Андан жогоркуларга эмнеге берген жоксуңар деп айтып жатат. Алардын өздөрүнүн чакан ишканасы бар. Карыздарын төлөөгө шарты бар.

-Экономикалык каатчылык шартында Өкмөттүн кризиске каршы программасы эмнеси менен өзгөчө? Алсак Орусия дагы бул багытта чараларды көрүп жатат. Мунайды буга чейин 70% киреше түзсө,  азыр 45% түзүп калыптыр. Башка тармактардан да киреше булактарын таап, абалды  жолго салууну издеп жатат. Өкмөт 2016 жылга ички дүң продукциянын көлөмүн  5,4% жеткирүүгө дымагы күч. Бул эмненин эсебинен же жогорулайт. Кумтөрдүн иши солгун болуп калганын эске алганда. Жаңы кен булактарды ачуу пландары барбы?

-Биринчиден, Кумтөр алгачкы алты айда кени абдан кедей рудага чыгыптыр. Алардын планын биз толук карап көрдүк, экинчи жарымынан баштап алдыга чыгат көлөмү былтыркыдан кем болбойт. Бизге биринчи алты ай кыйын болот. Биз мобилдүү штаб түзгөнбүз, аны мен өзүм жетектеп жатам. Эгерде керек болсо тез чараларды кабыл алып турганга. Акыркы жарым жылда эң кедей булактардын катарына болуптур. Бул бүгүнкү күндөгү тез өзгөрүп жаткан шартка жооп бериш керек. Былтыр жакшы өбөлгө түздүк бир топ ишканаларды түздүк. Мына мен кечээ эле Бозумчак кенин иштетип жаткан  “Казакмыс” компаниясы менен сүйлөштүм. Алар марттан баштап чыгабыз деп аткан, бирок толук ишке чыгышты. Ушуга окшогон бир топ ишканалар бар. “Кайди”, “Алтын кен” жана башкалар. Билесиздер биз былтыр ар бир акимдин артында жаңы жумушчу орундарын түзүп ондон кем эмес ишканаларды ачканга жардам бересиңер деп быйыл да ошондой эле тапшырма койдук. Буюрса 5,2% өсүү – бул амбициялык план. Биз турмушубузду оңдошубуз керек. Мен ушул учурдан пайдаланып айткым келет: албетте, өкмөткө сын-пикирдин болгону жакшы. Бирок бизге негизгиси туруктуулук керек. Туруктуулук болсо өсүш болот. Мына былтыр шайлоону тынч өткөрдүк эле, абал бир топ жеңилдеп калды. Дүйнөдө бизге болгон мамиле өзгөрүп жатат. Эң негизгиси,  биздин жарандарда эркиндикке болгон умтулуу күчтүү. Биз кубаттуу, күчтүү, түптүү элбиз.

-Учурда өкмөттүн ишине байланышкан жана  коомчулук, парламенттин ичинде талкууларды жараткан дагы бир маселе турак-жайды жана автоунааны милдеттүү камсыздандыруудан  боюнча мыйзам болду. Бул мыйзам туура, керектүү деп айтышса, айрымдар иштеп кетүү механизми жок болуп жатат деп сындашууда.  Бул мыйзамдын тегерегиндеги абалга токтоло кетсеңиз?

-Бул жерде эки маселе жөнүндө сөз болуп жатат. Биз аткаруу бийлиги катары парламент кабыл алган мыйзамдарды аткарууга милдеттүүбүз. Турак-жайды милдетүү түрдө камсыздандыруу боюнча убагында атайын мыйзам кабыл алынган. Биз муну керектүү мыйзам катары колдоп, анын негизинде аткарып жатабыз. Эл көнүп, калыптанып калганга чейин деп эң төмөнкү ставканы кабыл алганбыз. Айына 50 сом,  же бир жылда 600 сом төлөйсүң, кокус кырсык болуп кетсе, Камсыздандыруу компаниясы турак-жайды калыбына келтирүү үчүн каражат төлөп берет. Мыйзамдын элдин жүгүн жеңилдетүү, кокус кырсык болуп кетсе жалгыз калбай, кыйынчылык тартпастан үстүндөгү үйүн калыбына келтирип алсын,  же жаңы салып алсын деген максатты көздөйт. Буга чейин милдетүү камсыздандыруу болгон эмес. Бирок өлкөбүздүн табигый шарттарынан улам ар кыл кырсыктар катталып келет. Анын жыйынтыгында бир топ үйлөр жапа чегет. Аларга мамлекет 200 миң сом гана ссуда берчү. Ал бюджеттен бөлүнөт. Калкыбызга айлык-акы, жөлөкпул боло турган же жол, көпүрө салына турган каражат ушул жакка берилчү. Азыр камсыздандыруу болгон соң ал мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын эсебинен каржылат. Муну элибиз туура түшүнүшү керек. Бул мыйзам кырсыкка кабылган жөнөкөй жарандын кызыкчылыгын көздөйт. Менин пикиримде, бул мыйзам иштеши керек.

Экинчиден, айрымдар бул маселе боюнча жалган маалымат таратып, жеке менчик компания камсыздандырат экен деген сыяктуу сөздөрдү айтышууда. Ал туура эмес. Биз атайын Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түздүк. Ал турак-жайды камсыздандыруудан өткөрөт. Эгер  бул суммадан да көбүрөөк камсыздандырам дегендер бар болсо ошол жерге барып кошумча келишим түзсөң болот же башка компанияларга кайрылса болот. Бул дүйнөлдүк практика, бардык жерде колдонулуп келген жакшы ыкма. Биз эле отуруп жаңылык ачкан жокпуз. Орусияда да, Казакстанда жана башка мамлекеттерде милдетүү камсыздандыруу бар. Чогулуп аз-аздан акча төлөйт, эгер кырсык болуп кетсе 500 миң сомдон ашык каражат алып, үй-жайын оңдогонго же кайрадан курууга мүмкүнчүлүк алат. Эми анын өзүнүн чатыры кыйраса, дубалы түшсө кандай жардам көрсөтүлөрү тууралуу өзүнүн жол-жобосу бар, эсептери бар. Бирок 4-5-даражада жабыркап, кыйрап калса айыл жергесинде 500 миң, шаарда 1 миллион сомго чейин каражат аласың. Мунун жол-жобосу ачык-айкын жазылган, катуу көзөмөлдө болот. Мисалы, Кара-Суу районундагы жер титирөөдө  500гө жакын үй жараксыз абалга келди, алардын баарына мамлекет 200 миң сомдон ссуда берет. Эми бул сыяктуу кырсыктан жабыркагандан камсыздандыруунун эсебинен жардам ала алышат. Ошол эле учурда айрым адамдар “мен канча жылдан бери жакшынакай эле жашап келе жатам, эч нерсе болбойт, мен төлөбөйм” деши мүмкүн. Эми андайларга айла жок, бирок эгер жаратылыш кырсыгынын кесепетинен турак-жайы жабыр тартса же жараксыз абалга келсе мамлекет тарабынан жардам ала албай калат. Биз учурда милдетүү түрдө камсыздандыруу боюнча жер-жерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.  Ал эми автоунааларды камсыздандыруудан өткөрүү боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Ал жерде эгер милдеттүү түрдө камсыздандырбай калса айыппул төлөө деген шарты бар болчу. Биз элдин сунуш-пикирлерин эске алып аталган айыппулду эл көнгөнчө, кийинчерээк киргизели деп 2018-жылга чейин алып салдык. Бул ыктыярдуу болуп калды. Автоунаа менен кырсыкка учураган учурда көбүнчө күнөөсүз адамдар жапа чегип калат. Азыр автоунаа көбөйдү, жолдо кетип баратып кырсыкка кабылсаң, экинчи тарап төлөп бергенден баш тарткан учурлар көп. Соттошуп жүрүшөт. Эгерде камсыздандырып койсо, күнөөсүз тарап керектүү каражатты төлөп бермек. Муну өтө саясатташтыруунун кереги жок болчу. Биз элде айрым суроолор жаралгандыгын эске алып айыппул жагын алып салдык. Бул маселе бүгүн жок. Кааласаң, камсыздандыр, каалабасаң мажбурлабайт. Бирок бир нерсеге көңүл буруу керек. Элибиз бизден тартипти талап кылып жатат. Мен да өкмөт башчысы катары ушул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кайда барбасам маани берип жатам. Эл дагы бул туура болуп жатканын айтышууда. Тартипке келүүнүн бир эле жолу бар: мыйзамды толук аткаруу. Мына ушуга өзгөчө көңүл буруу керек. Эгер мыйзамды бирибиз аткарып, экинчибиз аткарбасак, анда жалпы мамлекетти тартипке алып келе албайбыз.

-Бийик тоолуу аймактарда жашаган тургундарга жеңилдиктерди кайра карап чыгуу боюнча демилгени эл курч кабыл алды. Бул катаал шартта жашагандарга жеңилдик, экинчиден ал жакка жаш кадрларды тартуунун бир жолу болчу деп айтып жатышат. Ошондуктан, аталган маселенин көтөрүлүшү канчалык туура болду?

-Биринчиден, бул тапшырманы 2013-жылы Жогорку Кеңеш өкмөткө берген экен. Эмне үчүн тапшырма берген? Себеби, депутаттар жер-жерлерге барганда абдан чоң нааразылыктар болгон экен. Эч кандай критерийи жок, башаламан  кирип, бир айыл кирсе, ошондой эле шарттагы башка айылдар тизмеге кирбей калган экен. Ошондуктан, ушуну иретке алып келгиле деген тапшырма болгон. Ал тапшырманын негизинде жаңы эрежелер сунушталып, парламентке жөнөтүлдү. Албетте, бул бир катар талкууларга жол ачты.

Бирок көп учурда маалымат толук жетпей, туура эмес түшүндүрүү иштери да жүрүп калган. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маселеге азыраак көңүл буруп калган. Ал эми айрым саясатчылар муну колдонобуз деп ашкере айтып койгон. Мисалы, деңил деңгээлинен 2000 метр бийиктиктен жогору тургандарды тизмеден чыгаруу боюнча эч кандай сөз да болгон эмес. Биз элдин пикирин эске алуу менен бул мыйзам долбоорду кайра чакыртып алдык, бүгүн жок. Бул маселеге абдан кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Мен эми өкмөт башчы болуп туруп, кандайдыр-бир нерсе деп айтып актангым келбейт. Албетте, бүгүн өкмөттүн дарегине туура сын –пикир айтылып жатат. Муну моюнга алыш керек. Биз аны чакыртып алдык жана муну кылдат карап чыккыла деп мен тапшырма бердим.

Мен мурунку өкмөт кылып коюптур, мен күнөөлүү эмесмин деп айта албайм. Бул туура эмес. Анткени мен бүгүн өкмөттү башкарып турам. Бардык жоопкерчиликти алгам. Биз бул мыйзамды чакыртып алып, абдан кылдат карап чыгып, анан элдин айткандарын эске алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Эл чындыгында ынана тургандай мыйзам болушу керек. Экинчиден, муну тартипке алып келиш керек. Мисалы 1670 метр бийиктиктеги айыл кирип, 2000 метрдеги кирбей калса бул адилеттүүлүк эмес. Ошол эле учурда жолдордун курулушунун эсебинен мурда алыскы саналган аймактарга бир катар шарттар түзүлүп жатат. Буларды да эске алуу керек.

-Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Сиздерге да ыраазычылык билдирем. Сөзүмдү аяктап жатып, быйылкы жыл оңой болбойт. Алдыбызда абдан көп чакырыктар турат. Бирок өкмөт бардык аракетти көрүп, керектүү иш-аракеттерди аткарат. Мен белгилеп кеткен тапшырмалардын баарын толук кандуу аткарууга милдеттеме алгам. Эң негизгиси элибиздин турмушун оңдошубуз керек. Жарандарыбыз аны өз чөнтөгү аркылуу, мамлекеттин өнүгүп жатканы аркылуу сезиши керек. Бул үчүн бардык аракеттер жумшалат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү