28
Август
2015
Премьер-министр Темир Сариев: «Жаңы ыкма жайылтуу менен айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү керек”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 27-августта күзгү жыйым-терим өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулаган селектордук жыйында билдирди. Темир Сариевдин айтымында, бардык аймактар күнөсканаларды куруу жана тамчылатма жол менен сугаруу ыкмасын жайылтуу зарыл болуп турат. Бул өз кезегинде дыйкан-фермерлердин тапкан пайдасын арттырып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат. Мындан улам Өкмөт башчысы ар бир айыл өкмөтүнө экиден күнөскана салуу тапшырмасын берди.
Муну менен катар Премьер-министр аймактарда жашылча топтоочу кампаларды жана мал союучу жайларды салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
“Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнө эт продукцияларын, жашылча-жемиштер стандарттарга жооп бербесе киргизүү кыйын болот. Андыктан, мал союучу жайларды жана жашылча топтоочу кампаларды курууга маани берүү керек.”-деди Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү