10
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкөдөгү курулуш тармагынын маселелерин талкуулаган жыйын өттү
Бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкөдөгү курулуш тармагынын маселелерин талкуулаган жыйын өттү. Жыйынга өлкөдөгү курулуш компанияларынын жетекчилери, Жаш ишкерлер ассоциациянын мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн курулуш тармагынын көйгөйлөрүн биргелишип чечүүгө даяр экенин жана бул жаатта бир катар иштер жүрүп жатканын билдирди.
“Мамлекеттик ипотекалык компания ишин баштап жатат. Анын негизинде учурда курулушу убактылуу туруп калган турак-үйлөрдү жандандырууга жол ачылат. Аталган компания жыл аягына чейин 6 миллиард сомду турак-жай тармагына жумшап, мамлекеттик кызматкерлерди жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу маселесин чечмекчи”, - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев айрым мамлекеттик органдар жана ишканалар курулуш тармагына бут тоскон учурлар бар экенин айтып, “Түндүк Электро”, “Бишкек жылуулук” сыяктуу ишканалар уруксат берүүдө курулуш компанияларына жардам берүүгө чакырды.
“Биз мамлекеттик органдардагы жылуулук, электр энергиясы, коммунациялык тармактарга кошулууда коррупциялык жолдорду толугу менен жок кылуу керек. Бул жаатта көзөмөл күчөтөбүз”, - деди Темир Сариев.
Ошол эле учурда Премьер-министр курулуш компаниялары да кемчилик кетирип жатканын билдирди. Темир Сариев көпчүлүк курулуш компаниялары курулуш материалдарын улуттук валюта менен сатып алганына карабастан, батирлердин баасын доллар менен коюп жатканын билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев курулуш компанияларын салыктарды толугу менен төлөбөй жатканын билдирди.
Жыйын жүрүшүндө курулуш компаниялары жана тиешелүү тармактагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жөнүндө сунуштарды айтылып, талкуу болду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү