24
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча селектордук жыйын өттү
Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча селектордук жыйын өттү.
Анын жүрүшүндө, 17-ноябрда Ош облусунда орун алган жер титирөөнүн кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Премьер-министр Темир Сариев кырсык масштабдуу кесепеттерди алып келгенин, келтирилген кырсыктын кɵлɵмүн эсептөө боюнча иштер уланып жатканын билдирди.
“Кырсыктын кесепети масшатбдуу болгону аныкталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынан куралган комиссиянын эсептөөсү боюнча, Ош облусунда баардыгы болуп 2941 үй текшерилди. Анын ичинен Ош облусу жана Ош шаары боюнча 11 үй толугу менен жараксыз абалга келип, 441 үй жана 19 социалдык обьекттин имараты 4-даражада жабыр тарткан. Бул объекттерди кайрадан салуу керек”, - деди Премьер-министр.
Ошондой эле Темир Сариев учурда табигый кырсыктан жабыркаган айылдарда биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баш болгон тиешелүү жетекчилер иштеп жатканын кошумчалады.
Жыйынга түз байланыш аркылуу кошулган Аалы Карашев маалымат берип, учурда кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатканын жана андагы зыяндын кɵлɵмүн эсептөө иштери дээрлик аяктап калганын кабарлады.
Биринчи вице-премьер министрдин маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркагандардын баарына чатырлар жеткирилди.
“Учурда бир да адам сыртта калган жок. Кошумча чатырлар бар”, - деди Аалы Карашев
Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматына кырсыктан жапа чеккендердин үйлөрүн мыйзамдаштыруу иштерин тездетүү жана Кара-Суу районундагы 48, Алай районундагы 37 үйдүн документин акысыз бүткөрүү, калгандарына 50 пайыздык жеңилдик кароону тапшырды.
Ошондой эле Премьер-министр банктардан насыя алган жарандар үчүн насыя мөөнөтүн узартуу иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди.
Муну менен катар мамлекеттик мекемелер жана жарандар көрсөткөн жардамдарды бөлүштүрүүдө көзмөлдү күчөтүү зарылчылыгы айтылды.
Темир Сариев жер титирөөдөн үй-жайы жараксыз абалга келгендер үчүн мобилдүү үйлөр менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча Россия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведевге кат жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Ошондой эле Өкмөт алдындагы Милдеттүү камсыздандыруу фондуна жабыр тарткандарды дары-дармек менен камсыздоо иши тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда эки көчмө медициналык борбору кырсык болгон жердин тургундарына жардам көрсөтүүдө.
[su_carousel source="media: 67188,67189,67190,67191,67192,67193,67194,67195,67196" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү