10

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин Талас облусуна карай иш сапары башталды

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Талас облусуна карай бир күндүк иш сапары башталды.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Кара-Буура районундагы төө буурчак сатып алуучу ишкананын абалы менен таанышып, жергиликтүү тургунар менен жолугат.

Мындан сырткары Талас шаарындагы оңдолуп жаткан жолдордун жана жылуулук ишканасынын абалы менен таанышары күтүлүүдө. Муну менен катар жергиликтүү актив менен жыйын өткөрүп, аймактын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулайт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү