28
Декабрь
Премьер-министр в городе Ош провел совещание с руководителями силовых структур Ошской, Баткенской, Джалал-Абадской областей и города Ош
Бүгүн, 27-декабрда, Ош облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга чек ара кызматынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен ОИИБнын жана Ош ШИИБнын жетекчилери аймактагы коомдук-саясий кырдаал тууралуу маалымат беришти.
Баяндаманы уккан соң, Премьер-министр күч түзүмдөрүнүн башчыларына кырдаалды туруксуздандырууга жол бербөөгө, өзгөчө жаңы жылдык майрамдарда тыкыр көзөмөлдүк кылуу тапшырмасын берди.
“Жаңы жылдык майрам күндөрүндө милиция органдары жана башка күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөлөрү керек. Майрам алдында жана майрамдоо учурунда коомдук тартиптин сакталуусу абзел. Кыргызстанда “олуя” жок жана болушу да мүмкүн эмес. Кырдаалды туруксуздандырууга аракет кылган ар бир адам мыйзам алдында жооп берет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү