17

Март

2014

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев и члены Правительства почтили память погибших во время Аксыйских событий 2002 года

Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Өкмөт мүчөлөрү 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун эстелигине гүл чамбар коюшту.

Туура 12 жыл мурун Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында алты адамдын өлүмүнө алып келген трагедиялуу окуя болгон.

Бүгүн, Боспиекте Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда Аксы окуясынын 12 жылдыгына карата эскерүү митинги өтүп, курман болгондордун урматына куран окулду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү