21

Февраль

2014

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев поздравил работников землеустройства, регистрации прав на недвижимое имущество, геодезии и картографии с профессиональным праздником

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин  тутумунун күнү менен куттуктады

 Төмөндөгү  куттуктоо  сөзүн  билдирди: 

Урматтуу Кыргызстандын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин  тутумунун кызматкерлери!

 Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргызстандын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин менен куттуктайм.

Эффективдүү жер ресурстарын башкаруу тутуму менчик укугуна жана аны коргоого кепилдик берет, жерге жана кыймылсыз мүлккө салык салууну колдойт, жер рынокторун өнүктүрөт жана мамлекеттик жерлерди жайгаштырууга көмөктөшөт.

Илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонуу, карталарды түзүү, имараттарды, жолдорду, гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо менен – биздин геодезисттер жана картографтар адамдардын жашоосунун ар кандай чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошот, маанилүү мамлекеттик маселелерди, анын ичинен биздин калктын коопсуздугун камсыздоо маселесин чечүүгө жардамдашат.

Республикадагы жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү башкаруу боюнча калк үчүн түзүлгөн шарттардын эффективдүүлүгүнүн көрсөткүчү болуп Дүйнөлүк банктын “Бизнес жүргүзүү – 2014” отчетуна ылайык “Менчикти каттоо” индикатору боюнча дүйнөнүн 183 өлкөсүнүн ичинен 9-орунду алгандыгы эсептелет.

Бул жана башка көптөгөн жетишкендиктер – сиздердин жалпы ийгилигиңиздер. Мындан ары дагы иштер ушундай эле ийгиликтүү улана берээрине ишенем.

Сиздерге жаңы кесипкөй жетишкендиктерди, өлчөөдөгү тактыктарды, аткарылган жумуштардагы жогорку сапаттуулукту, ийгиликтерди жана ден соолук каалайм!

 Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                  Ж.Ж.Сатыбалдиев