19
Февраль
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев поздравил сотрудников органов финансовой полиции с профессиональным праздником
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын кызматкерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Төмөндөгү куттуктоо сөзүн билдирди:
Урматтуу республиканын финансы полициясы органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын финансы полициясы органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!
Жыйырма жылдан бери финансы полициясы органдарынын кызматкерлери экономикалык тармактагы мыйзам бузууларга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүүнү улантышууда, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү үчүн абдан маанилүү жана алмаштырылгыс роль аткарышууда.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдүү кызматкерлери тарабынан республика боюнча мыйзам бузуулардын 1 093 фактысы аныкталган. Мыйзам бузуунун аныкталган фактылары боюнча мамлекеттин бюджетине 620 млн. 435 миң сом орду толтурулган. Экономикалык кылмыштар боюнча бардыгы болуп 700 кылмыш иши козголгон.
Экономикалык кылмыштар, коррупциялык схемалар бүтүндөй мамлекеттин жана өлкөнүн бардык жарандарынын кызыкчылыктарына тиешеси болгон фактыны эске алуу менен мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти улантуу зарыл.
Ушул майрам күнү сиздерге чың ден соолук, Кыргыз Республикасынын элине кызмат кылууда ийгиликтерди, мыйзамдарды так сактоону, акылмандыкты жана кесиптик жетишкендиктерди каалайм.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри
Ж.Ж. Сатыбалдиев