28
Декабрь
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев поздравил воспитанников школы-интерната с наступающим Новым годом
Бүгүн, 27-декабрда, Ош облусунда иш сапары менен жүргөн кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев азиз жана көзү начар көргөн балдардын атайын жатак мектебинин тарбиялануучулары менен жолугушту.
Өкмөт башчы балдарды Жаңы 2014-жылы менен куттуктап, чың ден-соолук, окууларында ийгилик жана алдыга коюлган максаттарына жетүүлөрүн каалады. “Билим алуу – адам баласы өзүнө салым кошуучу баасыз мүлк. Жакшы окусаңар, ойлогон баардык максаттарыңарды ишке ашыра аласыңар”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Андан соң, Премьер-министр ар бир балага жаңы жылдык белектерин тартуулады.
Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт башчынын фондунан мектеп-интернатка 100 миң сом чегерди жана жаңы жылда өзүнчө ашкана курулаарын айтты.
Маалымат:
Мектеп-интернатта Кыргызстандын түштүк аймагындагы 7 жаштан 18 жашка чейинки көрүүсү начар балдар тарбияланат.
Түптөлгөн күндөн тарта мектеп үч баскычтагы билим берүү программасын ишке ашырат жана 1-класстан 11-класска чейин Брайл ыкмасы менен окутат.
2013-2014-окуу жылына 11 класс комплект түзүлгөн, окуучулардын жалпы саны 105. Аларга 32 мугалим жана тарбиячы билим берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү