15
Январь
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: Правительство окажет реальную поддержку для развития ОАО «Кыргызтелеком»
Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Ре6спубликасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жабык акционердик коом “Кыргызтелекомду” өнүктүрүүгө байланыштуу жумушчу кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешме учурунда Жантөрө Сатыбалдиев баса белгилегендей, Өкмөт мамлекет үчүн стратегиялык маанидеги “Кыргызтелекомду” өнүктүрүүгө кызыктар. “Көп убакыттан бери компанияны кайра жандандыруу максатындагы мерчемдер сөз жүзүндө кала берген. “Кыргызтелекомду” өнүктүрүү үчүн Өкмөт жыйынтыгында кирешелүү өсүштөргө алып келген тиешелүү кадамдарды жасоого ниеттенүүдө”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
ЖАК “Кыргызтелекомдун” төрагасы Алмазбек Кадыркулов компаниянын учурдагы абалы жөнүндө айтып келип, компанияны өнүктүрүү стратегиясын сунуштады.
Анын айткандары боюнча “Кыргызтелекомдун” техникалык инфраструктурасынын эскилиги жеткен, каржы түшүү көрсөткүчтөрү да төмөн.
“Компаниянын абалын жакшыртуу үчүн жаңы долбоорлорго каражат тартуу кажет. Сөз кең тилкелүү ыкчам байланыш, санариптик жана IP телекөрсөтүүсү жөнүндө болуп жатат”, - деди ал, укуктук-ченемдик актыларды жаңыртуу керек экендигин билдирип.
Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга ЖАК “Кыргызтелекомду” өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди тез арада аткаруу зарылдыгын тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү