10

Март

2014

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев прибыл с однодневной рабочей поездкой в Ошскую область

Бүгүн, 10 мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош облусу жана Ош шаарына болгон бир күндүк иш сапары башталды. Ж.Сатыбалдиев Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагына караштуу Тельман айылындагы “Кара-Суу-Дан-Азык” Ачык акционердик коомундагы уюштурулган минералдык жер семирткичтерди дыйкандарга таратуу иши менен таанышат жана жергиликтүү дыйкандар менен жолугушат.

Мындан сырт Премьер-министр Ош шаарындагы А.Навои атындагы көчөсүндө пландаштырылган эсткада көпүрөнүн курулушу менен таанышат. Жакында эле Ж.Сатыбалдиевдин кол астында өткөн жыйында бюджеттен каржылана турган “капиталдык салымдар” берениси бонча титулдук тизме талкууланган. Жыйын учурунда эсткада көпүрөнүн мындан ары курулушун жандандыруу маселеси дагы көтөрүлгөн. Бул жылга Ош шаарынан мэриясы көпүрөнүн курулушуна 40 млн. сомду бөлүүнү пландап жатат. Өкмөткө каржы маселесин бөлүү талкууланууда.

КР Өкмөт Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү