14
Март
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев принял вновь назначенных Послов Кыргызской Республики
Бүгүн, 14-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бир катар мамлекеттерге жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчилери, биздин мамлекеттин Кытай Эл Республикасынын Гуаньчжоу шаарындагы Башкы консулу менен жолугушту.
Премьер-министр, дипломаттарды дайындалышы менен куттуктап, жаңы элчилер барган мамлекеттери менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдөөдө жигердүүлүктү арттыраарына чоң ишеним көрсөтөөрүн айтты. Өкмөт башчы ал жакта элчилерди биздин мекендештердин укугун коргоого өзгөчө көңүл буруп, зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө чакырды.
“Өкмөт сиздердин милдеттериңиздерди толук аткарууга колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, Асеин Исаев Кыргыз Республикасынын Бельгия хандыгындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Брюссель шаарындагы Европа коомчулугу комиссиясынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Самаргүл Адамкулова Индиядагы элчиси, Асанбек Осмоналиев Ирандагы элчиси, Абдилатиф Жумабаев Сауд Аравиясындагы элчиси, Эрмек Ибраимов Австриядагы элчиси, Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү, Жусупбек Шарипов Кувейттеги элчиси болуп дайындалышты. Кыргыз Республикасынын КЭР Гуаньчжоу шаарындагы Башкы консулу болуп Максат Тентимишов дайындалды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү