11
Январь
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев провел совещание по ситуации в Баткенской области
Бүгүн, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда Баткен облусунун Баткен районундагы Аксай аймагынын кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу кеңешме өткөрдү.
Маалым болгондой, бүгүн, саат 13:30дар чамасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөмбиев Премьер-министрге окуя туурасында маалымат берди. Ал тажик чек арачылары биринчилерден болуп ок аткандыгын айтты.
Андан соң, Вице-премьер-министр Токон Мамытов чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-башкы штабдын башчысы Искендербек Мамбеталиев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Баткен облусуна жөнөп кетишкенин маалымдады.
“Учурда чыр-чатак токтотулду. Жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Мен тажик кесиптешим Муродали Алимардан менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Жогорудагы факт боюнча биргелешиш териштирүү иштерин жүргүзүүгө макулдашылды”, - деди Вице-премьер-министр.
Премьер-министр чек араны күчөтүлгөн тартипке коргоо жагын күч түзүмдөрүнө дайындаса, Баткен облусунун жергиликтүү бийлигине коомдук тартипти сактоо максатында эл арасында аталган чыр-чатактын кесепети улаарып кетпегидей түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылды.
Ал эми, тышкы иштер министрлигине Тажик Республикасынын тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын тиешелүү нотасын жолдоо ишин тапшырды.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү