31

Декабрь

2013

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев провел совещание по ситуации в энергосистеме

Бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 500 кВ жогорку чыңалуудагы Түштүк-Казакстан Алма аба электр чубалгысынын пайдаланууга киргизилгендигине байланыштуу энергосистемасындагы абал туурасында кеңешме өткөрдү.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдиргендей, коңшу өлкөдө жогорудагы аты аталган подстанциянын ишке берилиши Кыргызстандын энерготармактагы оптимизациянын жүргүзүлүшүнөн кабар берет. “Электр энергиясын пайдалануучулардын саны өсүүдө. Республиканын түндүгүндө кубаттуулукту пайдалануунун лимити сакталбай келет. Анын натыйжасында энергетика тармагында ашыкча пайдалануу оорун алууда”, - деди Осмонбек Артыкбаев, электр энергиясын үнөмдөө гана кырдаалдан чыгуунун жолу экендигин белгилеп.

Жантөрө Сатыбалдиев  министрдин маалыматын уккандан кийин Өкмөттүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясына, энергетикалык компанияларга Бишкек мэриясы, Кыргыз Өкмөтүнүн Чүй областындагы Өкүлчүлүгү менен бирдикте  электр кубаттуулугун үйдү жылытуу үчүн, электр жылыткычтарын, сауналарды, автоунааларды жуугучтарды, курулуш объектилериндеги жабдууларды иштетүү үчүн пайдаланган керектөөчүлөрдү өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү