28
Январь
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев встретился с жителями приграничных населенных пунктов Баткенского района
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен районунун Актатыр, Ак-Сай, Көк-Таш, Самаркандек, Рават калктуу пункттарынын эли менен жолугушту.
Премьер-министр жолугушууда мамлекеттик чек аралардагы талаш жараткан маселелер, чек арачыларга көрсөтүлүүчү жардам жана чек арага аймакташ айылдардын инфраструктурасына Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.
Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдан тарта чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жанданганын айтты.
“Чек ара боюнча талаштуу маселелердин болушуна карабай коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдө жылыш бар . Бирок талаштуу аймактар тууралуу маселелердин чечилиш күнү жөнүндө айтыш эрте. Өкмөт чек арага аймакташ айылдарды электр энергиясы, таза суу, сугат суу менен камсыздоо боюнча бар аракетин жасап жатат. Мисалга алсак, “Бел-Сөгөт-Бөжөй”, “Согмент-Чарбак-Таян” жолдорунун курулушу, Чарбак, Таян, Согмент айылдарынын таза жана сугат суу менен камсыздалышы”, - деди ал.
Өкмөт башчы 2013-жылы чек арага аймакташ айылдардын инфраструктурасына 180 млн. сом бөлүнгөнүн жана мындай каражат 2014-жылы да каралганын айтты.
Жантөрө Сатыбалдиев “Көк-Таш-Ак-Сай”, “Рават-Ак-Сай” унаа жолдорунун курулушу жыл аягында бүткөрүлөөрүн да маалымдады.
Жолугушууда тургундарды “Көк-Таш-Ак-Сай”, “Рават-Ак-Сай” унаа жолдорунун курулушу тез арада бүткөрүлүп, мамлекеттик чек арадагы талаштуу маселелердин чечилиши кызыктырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү