06

Апрель

2013

Премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев принял участие в посадке саженцев сакуры

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил паркында КР Президенти Алмазбек Атамбаев менен бирге КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, КР Япониянын Элчиси Коикэ Такаюки, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов сакура көчөттөрүн отургузушту. 

Көчөт отургузуучу ишембиликке ошондой эле КР Президентинин Аппаратынын жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери катышканын белгилейбиз. 

Өкмөт башчысы өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында бир нече жолу ишембиликтер өткөрүлүп он миңдеген бак-дарактар отургузулганын белгиледи. “Биз бир күндүк ишембиликтер менен чектелбешибиз керек. Мындай иш чаралар  жаз келгенден баштап суук түшкөнгө чейин жүргүзүлүп, тазалык сакталышы зарыл. Ушул жылдын февраль айында жергиликтүү бийликтерге калкты мобилизациялап аймактарды, биринчи кезекте сугат системаларын жана коомдук жайларды таштандылардан тазалоо жөнүндө тапшырма берилген”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев. 

 

                                                          КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                              маалыматтык саясат бөлүмү