31

Август

2014

Поздравление Премьер-министра Кыргызской Республики с Днем независимости Кыргызской Республики

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды келе жаткан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгы менен куттуктайм.

Тарыхый ченем менен алганда кыска мөөнөт аралыгында биздин эл көптөгөн чакырыктарга жана көйгөйлөргө каршы тура алды. Кыргызстандыктар өзүнүн туруктуулугу жана эмгекчилдиги аркылуу ар түрдүү кыйынчылыктарды басып өтүүгө мүмкүндүгү бардыгын бүткүл дүйнө жүзүнө далилдеди.

Биздин эл үй-бүлөлүк, уруулук, кылмыштуу режимди жеңип, өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алдык. Бул умтулуубузду эл аралык коомчулук, өлкөнүн тышкы шериктери колдоого алууда жана бул биздин алдыга коюлган максаттарга жетүүгө болгон ишенимдерибизди арттырууда.

Үстүбүздөгү жыл Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы катары жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттүүлүктүн негизин, мамлекеттин укуктук тутумун, мыйзамдуулукту жана анын ар-кыл аспектилерин чыңдоого багытталган белгилүү иштерди жүргүзүүдө. Өкмөт коррупцияны, компетентсиздикти жана чарбасыздыкты жоюуга карата колдон келген күчүн жумшоодо. Бирок биздин иште кемчиликтер кетип жаткандыгын да моюнга алуубуз керек, алдыга коюлган максаттарга жетишүү максатында талыкпаган эмгек зарыл. Биз мамлекетибиз өнүккөн демократиялуу гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошулаарына ишенебиз. Бул максатта ишти улантуу менен бирге биздин жалпы келечегибизге болгон ишенимди жоготпообуз керек. Кыргызстан - өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө чечүүчү салым кошкон жалпы жарандардын Мекени болушу кажет.

Урматтуу мекендештер!

Ушул күнү сиздерге ден-соолук, бакыт жана эркин, демократиялуу жана гүлдөгөн өлкөдөгү татыктуу жашоону каалайм.