31
Октябрь
Премьер-министрдин м.а. Темир Сариев: «Жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруу керек»
Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Япониянын Өкмөтү бөлгөн гранттын негизде алынган жол тейлөө техникаларын тапшыруу аземине катышты. Темир Сариев 25 миллион доллар каражатка жол-тейлөө техникаларын бөлүп бергени үчүн Япониянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
“Япониянын эли, Өкмөтү Кыргызстанга достук жана бир туугандык мамиле көрсөтүп, жардамын көргөзүп келет. Буга чейин Япониянын көмөгүнүн негизинде “Манас” аэропортун реконстукрциялап, эл аралык стандартка ылайыкташтыруу жана “Бишкек-Ош жолун” оңдоо ишке ашырылган эле. Япониянын Өкмөтү мындай жардамды улантып 25 миллион доллар кайтарымсыз грант бөлүү менен 355 жол-тейлөө техника берилип жатат. Мындай жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деди Темир Сариев.
Өз сөзүндө Премьер-министринин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жол куруу жана оңдоо боюнча транспорттук долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Темир Сариевдин маалыматы боюнча 2015-жылы жолдорду куруу жана оңдоого республикалык бюджеттен 3,7 миллард сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиард сому өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого берилди.
“Өлкөбүз эгемендик алгандан бери жолдорду оңдоого алгач жолу дал ушундай көлөмдөгү каражат берилип жатат. Бул мамлекетибиздеги транспорттук тармактын өнүгүшүнө өбөлгө болот”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев өлкөдө бул тармакта ири долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеп, мындай иштер алдыдагы жылдарды жигердүү түрдө уланарын убада кылды. “Учурда өлкө үчүн абдан чоң мааниси бар түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулуп, 2017-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тарыхый мааниге жол. Анын бүтүшү менен өлкөдө ички жол шакекчеси пайда болот”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле учурда Бишкек-Манас аэропорту жолу курулуп, Бишкек-Карабалта жолужана Ысык-Көл шакекчеси жакынкы аралык баштала турганын Премьер-министринин милдетин аткаруучу маалымдады.
Муну менен катар Темир Сариев өлкөдө жол куруу тармагында иштегендерге кайрылып, жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруп, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин маалыматы боюнча, Япониянын грантынын келген жол тейлөө техникалары Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы жол тейлөө ишканаларына таркатылып берилет.
[su_carousel source="media: 65898,65899,65900,65901,65902,65904,65905,65906,65907,65908" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү