29
Октябрь
2015
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Эл аралык укукту өнүктүрүү уюмунун программалык директору Эрвин ван дер Боргду кабыл алды
Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Эл аралык укукту өнүктүрүү уюмунун (IDLO) программалык директору Эрвин ван дер Борг баш болгон делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Эл аралык укукту өнүктүрүү уюму менен кызматташтыгы, адам укуктары жана сот реформасына байланышкан маселелер талкууланды.
Темир Сариев Кыргызстан 2016-жылдан 2018-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмундагы Адам укуктары боюнча кеңешке мүчө болуп шайланганын маалымдап, бул жаатта адам укугун коргоо, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жана адилеттүү сот системасын түзүү боюнча бардык аракетин уланта берерин билдирди.
Ошондой эле Премьер-минстрдин милдетин аткаруучу Кыргызстан менен Эл аралык укукту өнүктүрүү уюмунун кызматташтыгы динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатканын белгилеп, мындан ары да тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин ачыктады.
“Кыргызстан 2010-жылдан соң парламенттик демократияны тандап алуу менен сот реформасын ишке ашыруу, адам укугун коргоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу боюнча бардык аракетин көрүп келет. Бул жаатта биз үчүн артка чегинүүгө жол жок. Сот системасында реформаларды жүргүзүп, ачыкты камсыз кылууну калкыбыз, коомчулук жана мамлекет жетекчилиги да каалайт.”-деди Темир Сариев.
Темир Сариев Кыргызстанда сот реформасын аягына чыгаруу боюнча чечкиндүү позициясы бар экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Эл аралык укукту өнүктүрүү уюмунун (IDLO) программалык директору Эрвин ван дер Борг Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмундагы Адам укуктары боюнча кеңешке мүчө болуп шайланышы менен куттуктап, Эл аралык укукту өнүктүрүү уюму адам укугун сактоо жана сот реформасын ишке ашыруу жаатында кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстандын Эл аралык укукту өнүктүрүү уюмуна мүчө катары кошулуусу боюнча маселе да талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү