29
Октябрь
2015
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин Ош шаарынын күнү менен куттуктоосу
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!
Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды жана жалпы кыргызстандыктарды өлкөбүздүн түштүк борбору, ордолуу Ош шаарынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ош шаары-биздин өлкөбүздүн тарыхында, жалпы эле Фергана өрөөнүндө өзгөчө мааниге ээ. 3000 миң жылдан ашык тарыхты өзүнө батырган Ош адамзат цивилизациясында барандуу орунду ээлеп, нечендеген маданияттардын бешиги. Ош куттуу аймак, касиеттүү жер. Бул аймактан чыккан эчен мыкты уул-кыздарыбыз өлкө эгемендиги, көз карандысыздыгы үчүн жан аябай күрөшүп, тарыхыбызда алтын тамга менен жазылып калды. Ош шаары-нечен кылымдар бою бир нече улуттагы адамдардын башын бириктирип, бири-бири менен журулушуп жашаган ынтымактын, биримдиктин калаасы. Эми Ош түштүк борбор катары туруктуу түрдө өнүгүүгө мезгил жетти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү муну туура түшүнүп, шаарды өнүктүрүү жана транспорттук, коммуналдык энергетикалык шартын жакшыртуу боюнча иштерди аткарууда. Мына кечээ Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен шаардын чок ортосундагы эстакадалык көпүрө пайдаланууга берилди. Быйыл Кыргызстандын эгемендик тарыхында алгачкы жолу Ош шаарында өкмөт толук курам менен көчмө жыйын өткөрүп, өлкөбүз үчүн эң маанилүү тарыхый чечимдерди кабыл алды. Жыйында Ош шаарын комплекстүү өнүктүрүү боюнча негизги багыттары жарыяланды. Аталган багыттарга ылайык, Ош шаарын түштүк аймактагы башкаруу чекити катары транспорттук–логистикалык борборго айландыруу, касиеттүү Сулайман-Тоо жана башка тарыхый жайларга көңүл буруунун эсебинен Фергана өрөөнүндөгү маданий-тарыхый жана туристтик борбор катары өнүктүрүү, билим берүү жана медициналык тейлөөнүн аймактагы жогорку сапаттагы базасын түзүү, экономикалык потенциалын жогорулатуу менен тейлөө, кызмат көрсөтүүнүн жана кайра иштетүү тармактарына көңүл буруу каралган. Ошондой эле Ош шаарынын заманбап талапка ылайык динамикалуу өнүккөн калаага айландыруу учун шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Башка шаарлардагыдай эле биздин борбордо да бир катар көйгөйлөр бар. Бирок биз биргелешип аларды сөзсүз чечебиз. ЮНЕСКОнун материалдык эмес тарыхый мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо жайгашкан байыркы Ошубуздун эң жогорку баага татыктуу болушу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошууга чакырамын! Баарыбыздын сүйүктүү шаарыбызга бакубаттык, өнүгүү, тынчтык жана байгерчилик каалайм! Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев