24

Июль

2015

Премьер-министри Темир Сариев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө жумушчу коллегиясынын учурунда билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат, буга байланыштуу жарандар криминалдын кол салуусунан өздөрүн коопсуз сезбей жатат.

Өкмөт башчы учурда УКТ өлкөдөгү экономикалык процесстерге гана эмес, социалдык-саясый жараяндарга кийлигишүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди.

“Былтыркы жылы УКТ 62 мүчөсү кармалып, бирок алардын жарымынан азы гана реалдуу жаза мөөнөтүн алган, калганы шарттуу түрдө кесилген.

Буга дейре туристтик сезон учурунда ушундай топторго каршы чараларды күчөтүү тапшырмасы коюлган, ага карабастан учурда айрым пансионат жетекчилери тараптан мындай маанидеги даттануулар түшүүдө. Ошондой эле күздө болчу парламенттик шайлоодо УКТ мүчөлөрү саясатка кийлигишүүгө аракет кылат, мындай көрүнүшкө жол берилбеши кажет”, - деген талапты койду Өкмөт башчы.

Мындан тышкары Премьер-министр “мектеп рэкетчилиги” көйгөйү өлкөдөгү криминалдык идеологиянын кеңири таралышынын кесепети болуп жатканын эскертти.

КР Өкмɵтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү