15

Март

2014

Пресс-релиз: итоги за неделю (10-15 марта 2014 года)

-релиз-Правительства-КР_6-e1353138454457

10-март Премьер-министр Ош шаарындагы ашма көпүрөнүн курулушунун тандамын карап чыгууну сунуштады Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Премьер-министр ашма көпүрө салына турган Ош шаарындагы А.Навои атындагы көчөнүн абалы менен таанышты. Жакында болуп өткөн кеңешмеде “капиталдык салым” беренеси боюнча узундугу 450 метр болгон Ош шаарындагы ашма көпүрөнүн курулушу тууралуу сөз болгон. Премьер-министрге бул көпүрөнүн курулушуна 700 млн. сом керектелээрин айтышты. Мэрия жылына 40-50 млн. сом бөлүүгө кудурети бар. Былтыр 40 млн. сом бөлүнгөн. “Мындай ыргак менен курулуш жүрө турган болсо дагы 10 жыл керектелет. Бул кымбат долбоорду баштаардан мурда каржылоо булагын таап, андан соң долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу керек эле. Учурда республикалык бюджетте мындай кымбат долбоорду каржылоого каражат жок. Эгерде биз бюджеттен жылына 60 млн. сом, шаардык казнадан дагы 40 млн. сом бөлгөн күндө да көпүрөнүн курулушу 7 жылга созулат. Эл ушунча күтүшү керекпи?”, – деп суроо узатты Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө. Ушул кырдаалдарды эске алуу менен Премьер-министр кеминде 200 млн. сом талап кылган курулуштун тандамын карап чыгууну жана бул маселенин тегерегинде Ош шаардык кеңешинин кезексиз кеңешмесин чакырууну сунуштады. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев дыйкандар үчүн берилип жаткан минералдык жер семирткичтердин даректүүлүгүн да текшерди. Жантөрө Сатыбалдиев алынып келинген жер семирткичтер сакталган кампаларды барып көрдү. Бул жерде Премьер-министрге Ош облусуна алынып келинген 10 миң 259 тонна жер семирткичтин 9 миң тоннасы дыйкандарга таратылып берилгенин маалымдашты. Премьер-министр Кара-Суу районунун дыйкандары менен жолугушкан учурда жазгы талаачылык иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Премьер-министр фермерлерге ”Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоору аркылуу берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды алууда жигердүүлүктү көрсөтүүгө чакырды. “Былтыр фермерлерге берилген 3 млрд. 200 млн. сом агрардык тармактын өнүгүшүнө оң салым кошту. Атап айтсам, ири жана майда мүйүздүү жандыктардын санынын көбөйүшүнө алып келди”, – деди ал. Өз кезегинде дыйкандар Өкмөткө минералдык жер семирткичтерге болгон бааны төмөндөтүп бергени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле, дыйкандар сапаттуу үрөндөрдү да жеңилдетилген баада берүү зарылдыгын айтышты. Алардын билдирүүсүндө Ош облусунда жеке компания үрөндөрдү алып келип, жогорулатылган баада-бир килин 430 сомдон сатып жатканын билдиришти. Өкмөт башчы бул багытта да иштер жасалып жатканын, атамекендик үрөн өндүрүүчүлөрдү колдоо чаралары көрүлүп келгенин билдирди. 11-март Жантөрө Сатыбалдиев Суучулдар кызматынын окуу имаратынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 1 млн. сом бөлүүнү тапшырды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрткө каршы кызмат мамлекеттик Агенттигинин жаңы ачылып жаткан өрттөн куткаруу кызматынын ачылыш салтанатына катышты. Премьер-министр бул иш-чара министрликти реформалоодогу алгачкы жыйынтык экендигин айтты. “Алдыда башталган реформаны толук максатына жеткирүү үчүн дагы бир катар милдеттер турат. Аймактарда мындай кызматтын дагы жыйырмасын ачуу зарыл. Ошол эле учурда алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл буруу абзел. Өзгөчө кырдаалдардын санын азайтууга багытталган алдын алуу иштери жөнгө салынууга тийиш. Ошондой эле, кырсыкка кабылган жарандарга өз учурунда тиешелүү жардам берүү керек”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев. Премьер-министр Кыргызстандагы Жапон элчилигине БУУнун өнүгүү программасы “Өзгөчө кырдаалдарда дараметти күчөтүү, Кыргыз Республикасында тобокелчиликти баалоо жана кызматташтыкты жогорулатуу үчүн аймактык сүйлөшүүлөргө жардам” долбооруна каржылоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун алкагында “Mazda” маркасындагы куткаруучу унаанын 6 даанасы сатылып алынган. Алар кооптуу делген Бишкек-Ош, Суусамыр–Талас, Ош-Сары-Таш, Бишкек-Нарын жана Балыкчы-Каракол багытындагы негизги унаа жолдорунда жайгашкан КР ӨКМнын өрттөн куткаруу кызматынын аймактардагы бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт. Өрттөн куткаруу кызматынын ачылыш салтанатынан кийин, № 21-өрткө каршы бөлүмүнүн аскердик курамы өрт өчүрүү, химиялык кооптуу суюктуктун төгүлүш кесепетин жоюу, 4 кабаттуу турак үйдө жабыркагандарды куткаруу иштерин көрсөтүштү. Ал эми суучулдар сууга чөгүп бара жаткан жаранды куткаруу чебердигин көрсөтүштү. Премьер-министр иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Суучулдар кызматынын окуу имаратынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Өкмөттүн көмөкчү фондунан 1 млн. сом бөлүүнү тапшырды. 12- март Кыргызстан менен Швейцариянын биргелешкен долбоорлорунун саны 50 пайызга өстү Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн менен жолугушту. Жоомарт Оторбаев дипломатты элчилик кызматка келиши менен куттуктады жана Кыргызстан менен Швейцариянын мамилелери мындан ары да бекемдешине ишеним көрсөтөөрүн билдирди. “Биз Швейцария менен болгон кызматташтыкты жогору баалайбыз жана демократиялык, экономикалык реформаларда колдоо көрсөткөнүңүздөргө ыраазыбыз. 2012-жылы Бишкекте Швейцариялык элчиликтин ачылышы жана виза берүү процедурасынын жакшырышы Швейцария тарабынан негизги кадамдардан. Биргелешкен долбоорлорунун санынын 50 пайызга өсүшү да биздин мамлекеттер ортосундагы дайыма болуп туруучу диалогдон кабар берет”, – деди ал. Жоомарт Оторбаев үч жылдык мөөнөттө Кыргызстанга Швейцария 70 млн. франк бөлөөрүн кабарлады. Биринчи вице-премьер-министр Швейцария колдоп жаткан бирден-бир долбоор Ат-Башы ГЭСин кайра жандандыруу. “Келечекте бул ГЭС чоң көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул долбоорго биздин үмүтүбүз зор”, -деди ал. Рене Холенштайндын пикиринде 2010-жылдан кийинки өткөөл мезгилден Кыргызстан өттү. “Кыргызстан Борбор Азиядагы ачык коому бар демократиялуу өлкө. Республикада жеке сектор, экономика өнүгүүдө, албетте көйгөйлөр бар, чечилиши да алыс эмес. Биздин мамлекеттерибиздин кызматташтыгын шарттаган 2014-2016-жылдардагы стратегиянын үстүндө иштеп жатабыз”, – деди элчи. Рене Холенштайн белгилегендей, Кыргызстан менен жигердүү кызматташтык энергетика тармагында болуп, аймактарды таза суу менен камсыздоого да арналмакчы. Элчи айтмакчы, 2015-жылы Кыргызстанда долбоорлорду каржылоо дагы 5 пайызга өсөт. Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргызстанда жеке секторду өнүктүрүү каралып, өлкөдө бизнес ишмердигин алып баруу жеңилдетилет. “Биз революция синдромунан өттүк. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга көңүл бурсак, Кыргызстан туруктуулук үчүн гана эмес, өнүктүрүү үчүн да мыкты кадамдарды жасады. Былтыркы жыл Кыргызстанга ийгиликтерди алып келди, экономика өстү, таңкыстык азайды. Биз революциянын кесепеттеринен ылдам чыгып жатабыз. Бирок муну менен токтоп калбайбыз, аймактарды басымдуу болгон жакырчылыктын санын азайтабыз”, – деди Жоомарт Оторбаев. ***** Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы UNICEF өкүлү Джонатан Вейтчти кабыл алды Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Премьер-министр 2010-жылдагы июнь окуясында жабыр тарткан социалдык объектилерди калыбына келтирүүдөгү иши үчүн аталган уюмга ыраазычылык билдирди. “Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө мамлекеттик дирекция менен UNICEF жана БУУ июнь коогалаңынын кесепеттерин тез эле жөнгө салды. Эске салсам, айрым эксперттер мага чыр-чатактын кесепетинен талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө 2-4 жыл сарпталат деп айтышкан. Бирок баардыгы жарым жылда эле калыбына келтирилди”, – деди Премьер-министр. Джонатан Вейтч өзүнүн UNICEF өкүлчүлүгүндөгү ишмердүүлүгүн Жантөрө Сатыбалдиев менен кызматташтык аркылуу эсте калганын айтат. “Мен 2010-жылдын 8-июнунда UNICEF өкүлчүлүгүнө дайындалдым. Июнь окуясынын кийин биз мамлекеттик дирекция менен бирге 2 мектеп курдук, 50 мектепти оңдодук. Бир катар мектептерге окуу китептерин, эмеректерди, компьютер бердик. Кыргызстандан кетип жатып биздин уюмдун Кыргызстанда программалары менен долбоорлору кеңейе берээрин айта алам”, – деди дипломат. Джонатан Вейтч балдардын укугу жөнүндө Конвенциянын дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынышына 25 жыл толушуна байланыштуу республикалык деңгээлдеги иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүүсүн Премьер-министрден суранды. 13-март Учурда өлкө дыйкандарына жеңилдетилген насыянын 793 миллион сому берилди “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында республиканын дыйкан жана фермер чарбаларына, айыл чарбасын кайра иштетүүгө жалпы наркы 793 миллион 501 миң сом көлөмүндө 2 609 жеңилдетилген насыя берилди. Долбоорго 6 коммерциялык банктары катышууда. Алар: ААК «Айыл-банк», «РСК банк», АКБ «Кыргызстан», KICB, «Оптима банк», «Бакай банк» жана ААК «Насыя бирикмелеринин каржы компаниясы». Бүгүнкү күндө насыялар 5 банк аркылуу берилүүдө – ААК «Айыл-банк», «РСК банк», KICB, «Оптима банк» жана «Бакай банк». АКБ «Кыргызстан» да жакында бул тизмеге кошулат. Банктардын мисалында насыялоо төмөндөгүдөй: ААК «Айыл Банк» 1 467 насыя жалпы наркы 423 552,0 миң сом; ААК «РСК Банк» 678 насыя жалпы наркы 252 295,0 миң сом; ААК «Бакай Банк» 19 насыя жалпы наркы 4 390,0 миң сом; ЖАК «KICB» 200 насыя жалпы наркы 58 007,0 миң сом; ААК «Оптима банк» 245 насыя жалпы наркы 55 257,0 миң сом. Насыя алууда жигердүүлүктү Чүй облусунун дыйкандары көрсөтүүдө. Аларга жалпы наркы 211 174 миң сом көлөмүндө 494 насыя берилди. Долбоор 24 айга каралган, берилүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы көлөмү 5 млрд. сом. ***** Жаш адистер өздөрү элет жеринде иштөөнү каалагандай шарт түзүп беришибиз керек Бул туурасында, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана медициналык адистерди даярдоо маселесине арналган кеңешмеде билдирди. Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева тармактын учурдагы абалы жана тармакта орун алган көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. “Учурда медициналык мекемелерди адистештирилген кадрлар менен камсыздоо өтө курч турат, өзгөчө элет жеринде. Жогорку окуу жайларын аяктаган бүтүрүүчүлөр социалдык шарттардын жоктугунан аймактарга барып иштөөдөн баш тартышууда. Ошол себептен, министрлик жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте аймактарга жөнөтүлүп жаткан жаш адистерди турак жай менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуулары зарыл”, – деди Камила Талиева. Ал эми медициналык адистерди даярдоодо системаны жаңыртуу керек экендигин белгиледи. “Саламаттык сактоо тармагы үчүн адистерди даярдап жаткан ЖОЖдордун окуу-методикалык базасы, атайын илимий адабияты, тиешелүү профессордук-окутуучулук курамы болууга тийиш. Арийне, айрым ЖОЖдор бул жагынан мактана алышпайт. Мисалы, Түркияда студенттердин окуу-методикалык процессине катуу көзөмөлдүк жүргүзүлөт. Мыйзам бузуулар орун алса, алардын лицензиялары чакыртып алынат. Биздин өлкөдө да ушул сыяктуу механизмди иштеп чыгуубуз керек”, – деди Вице-премьер-министр. Камила Талиева саламаттык сактоо министрлигине нормативдик-укуктук базаны текшерип, тиешелүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тапшырмасын берди. 14-март Академик М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга кошумча 200 миллион сом бөлүнөт Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул чечим республиканын калкына саламаттык сактоонун үчүнчү баскычында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында, кардиологиялык борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап жогорку технологиядагы медициналык жабдуулар менен жабдуу максатында кабыл алынган. Буга ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды: 200 миллион сом Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик, Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борборуна жана аталган борбордун жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат. Бул каражатка интервениялык кардиология үчүн ангиографиялык жабдуу, жүрөктүн кагуусунун бузулушун дарылоочу хирургиялык аблация жана электрофизиологиялык изилдөө жүргүзүүчү жабдык, компьютердик санариптик рентген аппаратын, жүрөк менен кан-тамырларын изилдөөчү көрсөткүчтүү санариптик кыска толкундуу эксперт классындагы дарт аныктоочу аппарат алынат. Ошондой эле, ички органдарды изилдөөчү кыска толкундуу аппарат, дефибрилляторлор, электрокардиографтар, pH жана кандагы газга анализ жүргүзүүчү, жасалма кан айландыруу аппараттарын сатып алуу мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борбору Кыргыз Республикасындагы кардиология жана жүрөк кан-тамыр хирургиясы тармагындагы дарылоо-дарт аныктоочу жана илимий-тажрыйбалык башкы борбор. Анын бейтапканасынан жылына республиканын аймактарынан келген 70 миңден ашуун оорулуулар жогорку адистештирилген кеңеш алышат, ал эми жылына ооруканасынан 12 миңден ашык адам дарыланат. Кадр саясаты Чынара Эсенгул Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Тимур Шамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү Борборунун мүдүрү болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү 14-мартка карата Жогорку Кеңеште Өкмөт тарабынан сунушталган 82 мыйзам долбоору бар, анын 7 кечиктирилгис мыйзам долбоорлору. 2014-жылдын 25-февралдан 14-мартка чейин Жогорку кеңеш тарабынан 19 мыйзам долбоору кабыл алынган, анын ичинен: 4 мыйзам долбоору- 3 окууда; 5 мыйзам долбоору- 2 окууда; 10 мыйзам долбоору- 1 окууда. Иш кагаздары 11-марттан 14-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына министрликтер, административдик мекемелер жана башка мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан 716 документ келип түшкөн жана катталган. КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен 1984 документ министрликтер менен мекемелерге жөнөтүлгөн, анын ичинен 285и сунушталган. 34 нормативдик актылар чыгарылган: - КР Өкмөтүнүн токтому-4; - КР Премьер-министрдин буйругу-17; - КР Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министрдин буйругу-6. 20 укуктук-нормативдик актылары экспертттен өткөн. Анын 19у Өкмөт регламентинин талаптарына жооп берет жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө аткарууга жөнөтүлдү. Бир долбоор КР Өкмөтүнүн регламентине дал келбейти жана КР ички иштер министрлигине кайтарылды. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү