08

Март

2014

Пресс-релиз итоги за неделю (3-7 марта 2014 года)

3- март

Үстүбүздөгү жылы да “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылоо тажрыйбасы улантылат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “капиталдык салымдар” беренесине кирген тизмени талкуулаган кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр  “капиталдык салымдар” беренеси боюнча былтыркы каржылоо тажрыйбасы өз натыйжасын бергенин айтты.

“Былтыр республика боюнча 63 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Биз мындай ийгиликтерге курулушу 70 пайызга жеткен  объктилерди каржылоо аркылуу жетиштик. Быйыл да 70 пайызга жана андан жогору деңгээлде бүткөрүлгөн объктилер былтыркы жылдын ыкмасы менен каржыланат. Курулушу мурда башталган объктилерди каржылоого 10 млрд. сом керектелет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Жолугушууда Ош шаарындагы Ленин жана Масалиев көчөлөрүн бириктирген, узуну 450 метр, туурасы 18 метр келген көпүрөнүн курулушу да талкууланды. Быйыл курулуш иштерине муниципалитет 40 млн. сом бөлөт. Ошондой эле, республикалык бюджеттен да каражат каралууда.

 *****

Социалдык мааниге ээ болгон товарларга карата бааларга мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат башчысы-министр Нурханбек Момуналиевдин чечими менен социалдык мааниге ээ болгон товарларга баанын кескин жогорулашына жол бербөө боюнча сунуштарды иштеп чыккан мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.

 Жумушчу топ социалдык мааниге ээ болгон биринчи кезектеги муктаждык товарларынын бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүп, республиканын бүткүл аймагында региондор боюнча биринчи кезектеги муктаждык товарларына түзүлгөн баалар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турат.

 Ошондой эле жумушчу топко бир аптанын ичинде социалдык мааниге ээ болгон товарларга баанын кескин жогорулашына жол бербөө боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

 

 4-март

Жантөрө Сатыбалдиев Украинанын  Кыргызстандагы элчиси Владимир Соловейди кабыл алды

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев биздин өлкөдө дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктоосуна байланыштуу Украинанын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Владимир Соловейди кабыл алды.

Премьер-министр дипломатка Кыргызстанда иштеп жаткан учурдагы кызматташтыгы жана мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамиленин жигердешүүсүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Владимир Соловей артта калган жылдарда Кыргызстан менен Украинанын товар жүгүртүүсүндө туруктуу жогорулоого алып келген экономикалык байланыштардын тереңдеши боюнча чоң жумуштар бүткөрүлгөнүн белгиледи. 2013-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 159 млн. доллар болгон.

5-март

Алгачкы медико-санитардык жардам кызматын көрсөтүү долбоору өлкөнүн беш убактылуу кармоочу жайларында ишке ашырылат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун төрагалыгы алдында убактылуу кармоочу жайларда (ИВС) медико-санитардык жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун биринчи жыйыны өттү.

Белгилей кетсек, бул пилоттук долбоорго Эл аралык Кызыл жарым ай комитети техникалык колдоо көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын ички иштер, саламаттык сактоо министрликтери менен Эл аралык Кызыл жарым ай комитетинин 2013-жылдын декабрь айында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумуна ылайык, алгачкы медико-санитардык жардам кызматын көрсөтүү долбоору өлкөнүн Бишкек, Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарларынын беш убактылуу кармоочу жайларында ишке ашырылат.

Бул алгачкы медико-санитардык жардамга, убактылуу кармоочу жайларына келип түшкөн ар бир жаранды өз учурунда медициналык кароодон өткөрүү, болгон дартын аныктоо жана аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан дарылоо иштери кирет.

6- март

“Центерра Голд Инк.” компаниясынын өкүлдөрү менен бир катар кеңеш берүүчү жолугушуулары болду

 Бишкек шаарында “Центерра Голд Инк.” компаниясынын Президенти Ян Аткинсондун төрагалыгы алдында компаниянын өкүлдөрү менен бир катар кеңеш берүүчү жолугушуулар өттү.

“Центерра Голд Инк.” компаниясынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы “Кумтөр” долбоорунун ишмердүүлүгүнө байланышкан 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткаруусу жөнүндө” токтому тууралуу маалымат айтылды.

Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган токтомунун кабыл алынгандыгына байланыштуу жолугушуунун жүрүшүндө “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүүнүн шарттары жөнүндөгү 2014-жылдын 18-январындагы Келишимде көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.

Биринчи кезектеги иш чара катары тараптар Кыргызстандын адистеринин жана эксперттеринин, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жана «AMEC» эл аралык компаниясынын эксперттерин тартуу менен экологиялык жана тоо-техникалык маселелер боюнча биргелешкен жумушчу тобун түзүүнү чечишти. Жакынкы мезгилде эки тараптын корпоративдик маселелери боюнча жергиликтүү юридикалык кеңешчилердин катышуусу менен биргелешкен ишкананын корпоративдик түзүмүнө байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча жолугушууларды уюштуруу мерчемделүүдө.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стратегиялык объектилерди улутташтыруу жана анын укуктук, экономикалык кесепеттери боюнча эл аралык тажрыйбалардын изилдөөсү боюнча иш баштады.

“Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү изилдөө жана анализдөө маселеси боюнча 2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасы менен Өкмөттүн юридикалык кеңешчиси “DLA Piper” кызматташууда.

7 -март

Аялзат - адам жашоосун нурлантып,  элинин жүгүн аркалаган эр-азаматтарды тарбиялап, мекенчил сезимдин үрөнүн  жүрөктөргө сээп, улуттун уюткусун сактап келет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн 8-Март Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып сөз сүйлөдү.

Өкмөт башчы өз куттуктоосунда буларга токтолду:

 Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди баарыбыз күткөн жаз менен кошо кирип келген Эл аралык майрамыңыздар менен өзүмдүн жана Өкмөттүн атынан чын жүрөктөн куттуктаймын!  

Аялдын жүрөгү «солк» этсе, дүйнө «болк» этет. Ошондуктан элибизде “Эне сабырына чек жок” деген нускалуу сөз айтылып келет. Сиздер үйүбүздүн куту, жашообуздун нурусуздар. Адам жашоосун нурлантып,  элибиздин жүгүн аркалаган эр-азаматтарды тарбиялап, мекенчил сезимдин үрөнүн  жүрөктөргө сээп, улутубуздун уюткусун сактап келесиздер. Сиздердин мээримиңиздер менен жашоонун жарыгы жанып, ыйык коломтобуздун очогу өчпөйт.

Өлкө калкынын көпчүлүгүн түзүшкөн биздин айымдар үйдө мээримдүү эне, тарбиячы, жароокер жар, тышта коомдук ишмер, кызматкер, илимпоз, ишкер, жумушчу. Кыргызстандын аялдары коомубузда жана мамлекетибизде болуп жаткан көптөгөн жакшы жөрөлгөлөрдүн жаратышууда. Сиздер мамлекетибиздин негизги түйшүктөрүн мойнуңуздарга артып, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, аялзатынын улуулугун даңазалап келатасыздар. 

Аял болуу мындан бир кылым мурда кыйын эле, бүгүн да аял болуш кыйын. Аялдардын келечектеги жаркын жашоого, коомдун гүлдөп-өсү­шүнө кошкон салымы зор экендигин эске алуу менен Кыргыз Өкмөтү аларга ар тараптан колдоо көрсөтүүнү өзүнүн эң башкы милдеттеринин бири деп эсептейт.

Аялдарга болгон мамиле менен коомдун маданияты аныкталат. Сиздер тууралуу ырлар жазылып, искусство тармагында чыгармалар жаралып, сиздер үчүн баатырдыкка барабыз.

Ааламда өзгөрбөй турган үч гана нерсе бар. Алар – эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү. Эгерде биздин өлкөбүздө ушул үч нерсе ар дайым болсо, анда элибиздин келечеги болот. Ага биз чалыкпас мээнет, жигердүү аракет менен гана жетише алабыз. 

Дагы бир жолу Сиздерди Кыргыз өкмөтүнүн атынан жаз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!   Дайыма  бактылуу өмүр сүрүп, турмуштун улуу көчүн  мындан ары улай бериңиздер”.

Кадр саясаты 

Жусубалы Төрөмаматов  башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  ээлеген кызматынан бошотулду.

Жусупжан Жээнбеков     мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Иш кагаздары

3-7-март мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына министрликтер, административдик мекемелер жана башка мамлекеттик органдар тарабынан 906 документ келип түшкөн жана катталган.

КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен министрликтер менен мекемелерге 1872 документ жөнөтүлгөн, анын ичинде демилгечилик-112.

25 нормативдик акты чыгарылган, анын ичинде:

-КР Өкмөтүнүн  токтомдору-11;

- КР Өкмөтүнүн буйруктары-4;

-Премьер-министрдин буйруктары-8;

КР Аппарат жетекчиси-министрдин буйруктары-2.

30 нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун эксперттөө жүрүп, анын 28 долбоору КР Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына жооп берет. Алар КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  бөлүмдөрүнө аткарууга жөнөтүлгөн. КР Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына жооп бербеген эки долбоор аткаруучуларга кайра кайтарылып берилген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү