05
Май
Президент АБР Такехико Накао: «Мы будем продолжать активно поддерживать Кыргызстан по самым важным направлениям»
Бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Такехико Накао, аталган банктын вице-президенти Венчай Жанг жана Азия өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча башкы директору Клаус Герхаузер менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, АӨБ Кыргыз Республикасы үчүн өлкөнүн керектөөлөрүнө ыкчам көңүл бурган негизги өнөктөш.
Кыргыз Респуликасы эгемендик алган жылдардан тарта АӨБнан 1 246,4 млн. долл. көлөмүндө каржылык жардам алган. Бул каражаттар транспорт, айыл чарбасы, энергетика, билим берүү, каржы секторлоруна жумшалган.
Премьер-министр Кыргыз Республикасына 2013-2014-жылдарда 121,44 млн. долл. каражат Азия өнүктүрүү фондунан бөлүнгөнүнө ыраазычылык билдирди. Бул көрсөткүч 2011-2012-жылдарда 88,6 млн. доллар болгон.
Өкмөт башчы билдиргендей Өкмөт менен Банктын ортосундагы достук мамиле өз түшүмүн берүүдө.
“Биз кызматташтыкты приоритеттеп, өнүгүүнүн жолунда башка өнөктөштөр менен ишти шайкештей алдык”, - деди Жоомарт Оторбаев. Ал ошондой эле, энергетикалык сектордо, өлкөнүн алыскы райондорунда таза сууну камсыздоо, жеке секторду өнүктүрүүдө банктын колдоосу зарыл экендигин белгиледи.
Такехико Накао Кыргызстандын турукташышы экономикага оң таасир берип жатканын айтты.
“Мыкты макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен сиздерди куттуктайм. Инфляцияны токтотууга мүмкүнчүлүк болгону кубандырат. Башкы милдет экономиканы диверсификациялоо. Биз Кыргызстанды негизги багыттарда колдоону жигердүү улантабыз”-, деди АӨБнын жетекчиси.
Венчай Жанг өз кезегинде АӨБ Кыргыз Өкмөтү менен энерго секторунун, жеке сектордун, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктү, соода жана аймактык кызматташтыкты жакшыртууда ишти мындан ары да уланта берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү