26
Март
“Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын аталган токтому Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-беренесине ылайык кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 10-17-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы “Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюу жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул чечимди эске алуу менен, “Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюу процедурасы үчүн жоюу комиссиясы түзүлдү.
Аталган комиссия 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин негизинде “Ала-Тоо Финанс” кичи насыя берүү агенттигин жоюунун үстүндө иш алып барат.
Эске салсак, бир жыл мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЖАК “Кумтөр Голд Компанинин ” демөөрчүлүк жардамын оптимизациялоо жөнүндө” токтому кабыл алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү