05

Март

2014

Проект по предоставлению базовых услуг первичной медико-санитарной помощи будет осуществлён в пяти ИВС страны

Бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун төрагалыгы алдында убактылуу кармоочу жайларда (ИВС) медико-санитардык жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун биринчи жыйыны өттү.

Белгилей кетсек, бул пилоттук долбоорго Эл аралык Кызыл жарым ай комитети техникалык колдоо көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын ички иштер, саламаттык сактоо министрликтери менен Эл аралык Кызыл жарым ай комитетинин 2013-жылдын декабрь айында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумуна ылайык, алгачкы медико-санитардык жардам кызматын көрсөтүү долбоору өлкөнүн Бишкек, Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарларынын беш убактылуу кармоочу жайларында ишке ашырылат.

Бул алгачкы медико-санитардык жардамга, убактылуу кармоочу жайларына келип түшкөн ар бир жаранды өз учурунда медициналык кароодон өткөрүү, болгон дартын аныктоо жана аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан дарылоо иштери кирет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                                                                                             Маалыматтык камсыздоо бөлүмү