12

Февраль

2014

Проходит обсуждение эффективности деятельности экспертных групп по вопросам оптимизации системы предоставления государственных и муниципальных услуг

Бүгүн, 12 февралда,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын демилгеси менен,   Кыргыз республикасынын  Экономика министрлиги,  КР  Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн, жарандардын жана  серепчилердин    катышуусунда  «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу  тармагында  иштеген  эксперттик топтордун жана долбоорлордун  натыйжалуулугу”  деген темада  семинар-тренинг өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын  оптимизациялоо реформасынын алкагында,  калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу  боюнча бир катар комплекстүү  чаралар көрүлүүдө.

Семинарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу долбоорлорун ишке ашыруунун алдында пайда болгон  актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү позицияны, өз  ара маалымдоо системасын, долбоордун  жумушчу тобунун  аракетинин координациясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары жөнүндө” Мыйзам долбоордун стратегиясын иштеп чыгуу каралат.  

Семинар ПРООНдун “Дараметти өстүрүү механизмдери” долбоорунун колдоосу менен, Ачык коом Фондунун , Европалык бирикме жана БУУнун   “Социалдык  адилеттүүлүккө жетишүү үчүн ак ниеттүү башкаруу” долбоорунун каржылоосу менен өтүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү