19

Март

2014

“Айыл-агро – 2014” II Эл аралык агро өндүрүүчүлөрдүн жарманкесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев “Айыл-агро - 2014” II Эл аралык агро өндүрүүчүлөрдүн жарманкесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Уюштуруу комитетинин жыйынын ачып жатып, Тайырбек Сарпашев жарманкени ийгиликтүү өткөрүү айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр үчүн гана пайдалуу болбостон, заманбап жабдуулар менен таанышып, аларды сатып алууга атамекендик фермерлерде мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“2013-жылы жарманке ийгиликтүү өткөн, быйыл да биз аны кеңейтип, катышуучуларды көбөйтсөк деп турабыз. Анын катышуучуларынын басымдуусу өлкөнүн аймактарынан болушу абдан маанилүү. Мындан сырткары, жарманкенин өзүнүн аянтын кеңейтип, маданий программаны түрлөнтүү зарыл”, - деди Тайырбек Сарпашев.

“Аталган жарманкенин алкагында өтө турган конференциянын темасын иштеп чыгып, кеңири маалымат компаниясын жүргүзүү керек”, - деди ал.

Тайырбек Сарпашев уюштуруу комитетинин кеңешмесин жыйынтыктап жатып, министрликтер менен мекемелердин биринчи орун басарларына, КР Өкмөтүнүн аймактардагы өкүлдөрүнө “Айыл-агро” жарманкесине даярдыкка көзөмөлдүк жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жарманке үстүбүздөгү жылдын 14-16-майында Бишкек шаарында эски аянтта өтөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү