24
Декабрь
Прошло заседание оргкомитета по организации похорон Керимбюбю Шопоковой
Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокованын тажиясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.
Уюштуруу комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашев белгилегендей, Керимбүбү Шопокованын дүйнө салышы кыргыз коомчулугуна чоң жоготуу алып келди. “Керимбүбү Шопокова – кайратмандыктын, эмгекчилдиктин, мекенчилдиктин үлгүсү. Ал өз өмүрүн мекенине, элине кызмат кылууга жумшады. Катаал согуш жылдарында, андан кийин да бел чечпей талаада эмгектенди. Ал ынтаалуу эмгеги үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу болуп, 1997-жылы II даражадагы “Манас” орденинин ээси болгон. Улуу аялдын элесинин урматына биз аны акыркы сапарга татыктуу узатуубуз керек”, -деди ал.
Керимбүбү Шопокованын тажиясы эртең, 25-декабрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү