30

Декабрь

2013

Рассмотрены новые проекты стандартов государственных услуг

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системалашкан тизмесин түзүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия стандарттардын жаңы долбоорлорун карап чыкты.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызмат көрсөтүү түзүмүн оптимизациялоо боюнча реформанын алкагында кызматтар стандарты үчүн жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан мекемелердин мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын долбоорлору иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты экономика министрлиги менен биргеликте, ПРООН жана ЕККУнун колдоосу менен иштелип чыккан стандарт долбоорлорун мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системалашкан тизмесин түзүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын экпертизасынан өткөрүү иши жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат башчысы-министр Нурханбек Момуналиевдин төрагалыгы алдында мекемелер аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тизмесине кирген, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан сунушталган, мекемелердин мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын 7 долбоору каралды:

-          “Жумушсуздук боюнча жөлөк пул дайындоо жана төлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

-          “Ишкерчилик ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында жумушсуз жарандарга майда насыя” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

-          “Акча төлөнүүчү коомдук иштер программасынын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыздоо” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

-          “мамлекеттик программалар, өкмөттөр аралык жана башка расмий келишимдердин алкагында жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлөрдө жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

-          “Жумушчу ишмердүүлүгү учурунда чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн алып келүүдө унаа чыгымдарына төлөмдөр” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

-          “Жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкат берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

-          “Ишке орношуу боюнча маалымат берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;Талкуунун жыйынтыгында, комиссия мүчөлөрү тарабынан анын кароосуна коюлган стандарттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен бекитүү чечимине келишти.

      Мындан сырткары, мамлекеттик кызмат көрсөтүү түзүмүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы жөнүндө маселе каралды. Ошондой эле, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат көрсөтүү” китепчесин чыгаруу иши жактырылды. Аталган окуу китепчеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптимизациялоо багытындагы жана аталган тармакты реформалоодогу автордук жамааттын тажрыйбасынын негизинде даярдалган республикадагы биринчи китепче болмокчу.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү