07
Июнь
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев: Для успешного проведения туристического сезона нужна стабильность в стране
Бүгүн, 7-июнь күнү Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл жээгинде расмий түрдө туристтик мезгилдин ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын ачылышында премьер-министр дүйнөдө ар жылы 1 млрд. адам дүйнөнүн ар бурчуна саякатка чыгаарын айтты.
“Туристтик индустрияда жылына дүйнөдө 1трлн АКШ доллары жүгүртүлүп турат. Ысык-Көлгө болсо ар жылы 2 млн. турист келип кетет. Бул жакшы көрсөткүч. Эгерде ар бир турист жок дегенде 500 АКШ долларын сарптап кетсе, ал 1 млрд АКШ долларын түзөт экен. Бул сумманын 1% жергиликтүү салыкка чегерилип, инфраструктуранын өнүгүшүнө жумшалса анда аймактагы калктын жашоо турмушун жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт эле”-деп билдирди премьер-министр.
Өкмөт башчысы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын стабилдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп өттү.
“Бизге стабилдүүлүк керек. Өткөн жылкы туристтик мезгил Жети-өгүз районундагы окуяларга байланшытуу өтө ийгиликтүү болбой калды. Коомчулук айрым деструктивдүү, ыплас саясий күчтөргө “жок” деген сөзүн айтыш керек. Сөз мыйзамсыз жолду жабуу, мыйзамсыз пикет-митингдер жөнүндө болуп жатат. Өлкөдөгү, деги эле кайсыл аймактагы абал болбосун, ал албетте, жалпы өлкөдөгү туристтик абалга кедергисин тийгизет ”-деп кошумчалады Өкмөт башчысы.
Сөзүнүн соңунда Премьер-министр Ички иштер министри А.Суранчиевге коомдук тартипти, Жол коопсуздук кызматынын башчысы Т.Исаевге жол коопсуздугун күчөтүү жаатында тапшырмасын берип, маданият жана туризм министри К.Талиевага өлкөнүн имиджин көтөрүү үчүн комплекстүү иш-чараларды өткөрүүнү буйруду.
КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү