13

Февраль

2014

Руководители министерств и ведомств отчитались о ходе выполнения двух протоколов, подписанных с Республикой Таджикистан

 Бүгүн, 13 февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун жетекчилиги алдында кеңешме өттү.

 Кеңешмеде министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери  Таджикистан Республикасы менен кол коюлган протоколдордо белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча отчет беришти.

 Аталган документтерге тажик тараптан үстүбүздөгү 2013-жылдын 30-31-январында Бишкек шаарында эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кол коюлгандыгы белгиленди. Ошондой эле протоколдордо чек арадагы аскердик күчтөрдү кыскартып, туруктуу дислокация аймагына кайтаруу жана курал колдонбоо, ошондой эле   кыргыз-тажик чек арасында  2014-жылдын 14-январында болгон окуя боюнча эки өлкөнүн тергөө органдарынын ортосундагы өз ара иш аракеттерди уюштуруу каралган.

 

КР Өкмөтүнүн аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү