10

Сентябрь

2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 1-н Буйругу

«Дене тарбиясын уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелердин дене тарбия жана спорт объекттери жана спорттук жабдуулар жана шаймандар–типтүү класс-комплекттер менен камсыз болушунун типтүү социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө»

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 1-н

Буйругу

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V «2013-2017 жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча Программасын» бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 1-тиркемесинин 20-пунктунун негизинде буйрук кылам:

1. Жогоруда аталган буйруктун тиркемесине ылайык дене тарбиясын уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелердин дене тарбия жана спорт объекттери жана спорттук жабдуулар жана шаймандар–типтүү класс-комплекттер менен камсыз болушунун типтүү социалдык стандарттары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дене тарбиясын уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелердин дене тарбия жана спорт объекттери жана спорттук жабдуулар жана шаймандар–типтүү класс-комплекттер менен камсыз кылуусунда көрсөтүлгөн стандарттарды жетекчиликке алуусу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө алам.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Директор                                                                              Ш.Бакиров тиркеме