30

Сентябрь

2015

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2015-жылдын 18-сентябрынын № 450 буйруг

«Мааракелик иш-чараны өткөрүү боюнча»  

Медицина илимдеринин доктору, профессор С. Кожокматовдун 80 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 28 майындагы

№ 5157-V токтомунун негизинде,  ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” №530 токтомунун10-пунктуна ылайык,

 БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1.С. Кожокматовдун80 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2.Уюштуруу комитети  мааракелик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин,  белгиленген  мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылсын.

3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.

4.Бул буйруктун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм  министринин орун басары Б. Секимовго жүктөлсүн.

  Министр                                                             А. Максутов  Буйрукка тиркемелер