05

Ноябрь

2015

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев 11 приоритеттүү багытты өзүнө камтыган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын сунуштады

Бүгүн, 4-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө көпчүлүк коалиция тарабынан Премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөн Темир Сариев, приоритеттүү 11 багытты камтыган Өкмөттүн программасы менен тааныштырды. Төмөндө текст толугу менен берилди:

 Урматтуу депутаттар!

Сиздерди Жогорку Кеңешке депутат болуп эл ишенимине ээ болушуңуздар менен куттуктайм!

Эл жүгүн аркалаган мамлекеттик кызматтагы жооптуу ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун!

Мага зор ишеним артып, Премьер-министрликке талапкерлигимди дагы бир жолу көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолун туура тандаганын жана бул жолдо алга карай ишенимдүү бара жатканын айкын көрсөттү.

Тарыхыбызда алгач жолу парламенттик шайлоону жаңы технологиянын негизинде биометрикалык маалымат аркылуу ачык, таза жана эркин, айыгышкан саясий атаандаштыктын шартында өткөрдүк. Анда “бир шайлоочу-бир добуш” деген негизги принципти толугу менен сактай алдык.

 Мында Президент жана мурдагы чакырылыштагы парламент менен өкмөт саясий эркин көрсөттү.

Шайлоонун теңдешсиз атаандаштык жана ачык-айкын өткөнүн 600дөн ашык эл аралык байкоочу тастыктады.

Муну менен өлкөбүз жана элибиз алдында турган чоң сыноодон татыктуу өтө алды.

Шайлоо өлкөбүздөгү саясий туруктуулуктун бекемдигин сынады. Эми биздин алдыбызда Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүшүн жана финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу деген кезектеги сыноо турат.

Сунуштап жаткан дал ушул өкмөттүн программасы экономиканын туруктуу өсүшүн жана финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган.

Урматтуу депутаттар!

Буга чейин Кыргызстандын 2017-жылга чейин туруктуу өнүгүшүнүн Улуттук стратегиясы иштелип чыккан жана ал өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктайт.

Аталган стратегиянын алгачкы фазасында Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдап, стратегиялык мааниге ээ транзиттик магистралдар курулууда жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кириши да бул стратегия алкагындагы маанилүү (фундаменталдуу) чечимдердин бири болду.

Эми өлкөбүз туруктуу өнүгүүнүн кезектеги фазасын ишке ашырууга даяр. Мында негизги максат-динамикалуу өнүккөн экономиканы жана калктын кирешесин көбөйтүүнү камсыз кылуу.

Бирок дүйнөдөгү экономикалык кризисти эске алып, аракет көрүү зарыл.

Ушундан улам учурдун талабына жана биздин өлкөнүн шартына жооп берген, өз өнүгүү жолубуз аныкталышы керек.

Бул багытта биз 11 приоритеттүү багытты сунуштап жатабыз.

Программабыздагы биринчи багыт-аткаруу бийлигин мобилизациялоо

Программаны ийгиликтүү ишке ашыруудагы биринчи шарт: мамлекеттик органдардын ыкчам жана бир команда катары бирдиктүү алып барышы.

Ал үчүн өкмөттүн жаңы курамы кыска убакыттын ичинде калкыбыздын, коомдун жана бизнес коомчулуктун ишенимине ээ болушу керек.

Мындай баага татыш үчүн биринчиден, мамлекеттик органдардагы тартип, жоопкерчилик, кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, ишинин сапаты жана жыйынтыгына көзөмөл күчөтүлөт.

Ички бюрократия кескин кыскартылып, ашыкча документтерди кабыл алууга жол берилбейт жана электрондук документтер жүгүртүүгө өткөрүлөт.

 Мамлекеттик тейлөөнү тартипке салуу боюнча стандарттарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштер улантылат.

 2016-жылы өлкөбүздүн үч облусунда көп багыттуу, заманбап  калкты тейлөө борборлору (ЦОН) ачылат.

 Жарандардын биометрикалык маалымат базасын түзүү боюнча иш улантылат.

Мамлекеттик кызматкерлердин турак-жай маселесин чечүү үчүн кыска мөөнөттө Мамлекеттик ипотекалык компания активдүү иштей баштайт. Аталган компания мугалим, дарыгер сыяктуу мамлекеттик кызматкерлерге төмөнкү пайыз менен ипотекалык насыя берет.

Мамлекеттик кызматка орношуу, карьералык тепкичте жогорулоо ачык-айкын жүргүзүлөт. Кызматкерлердин карьералык өсүшү тууганчылык, жердешчилик же тааныш-билиш аркылуу эмес,  анын жоопкерчилигине жана ишине жараша болот.

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында чиновниктердин кирешесине көзөмөл күчөтүлөт.

Жарандарыбыз эң көп даттанган  органдар боюнча антикоррупциялык реформалар ишке ашырылат. Биринчи кезекте бул- Жол-кайгуул кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, фискалдык органдар, билим берүү жана дарылоо мекемелери.

Жеке адамдын жана айрым топтордун кызыкчылыктарын коргоп, “өз көмөчүнө күл тартуу” деген терс адатты толугу менен жоюу зарыл.

 Экинчи багыт– бул макроэкономикалык  стабилдүүлүк

 Өлкөбүздөгү экономикалык негизги саясат инфляцияны эптеп кармап туруу гана эмес, экономикалык өсүшкө шарт түзүүгө багытталышы керек.

Бул жаатта өкмөт мамлекеттик каржы булактарынын эффективдүү пайдаланып, бюджеттин тартыштыгын чектен ашырбоо үчүн көзөмөлдү күчөтөт.

 Инфляцияга карата саясатты - экономиканын өсүшүнө тоскоолдук кылбоо менен бирге калктын кызыкчылыгын да эстен чыгарбай иш алып барабыз.

Өкмөттүн фискалдык саясатынын айрым багыттарын кайра карап чыгабыз. Салык боюнча кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жагымдуу шарттарды түзүп, Кыргызстанды бизнестин бейишине айлантуу жолдорун табабыз.

Ошону менен бирге салык базасын кеңейтүү  максатында электрондук эсепти жана салыктык келишим менен иш алып баруу тажрыйбасы жайылтылат.

 Үчүнчү багыт – Инвестиция тартуунун деңгээлин жогорулатуу

Биз өлкө экономикасына инвестицияларды тартууну эки финансы  булагы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз: Биринчиси: чет өлкөлүк тике инвестициялар болсо, экинчиси калкыбыздын, жарандардын каражаты.

Экономикага салынган инвестициялар мамлекет тарабынан корголушу керек. Биз дал ушул милдетти ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүүнү пландап жатабыз.

Өлкөгө түз инвестиция тартуу дегенде жалаң гана акчаны түшүнбөстөн жаңы билим, заманбап технология жана тажрыйбага да маани беришибиз керек.  Ошондуктан жергиликтүү кадрларды чет өлкөлөрдө үзгүлтүксүз окутуп жана даярдоону колго алмакчыбыз.

Мамлекеттик инвестициялардын басымдуу бөлүгү билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика жана инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат. Алардын ичинде:

-Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна,  Ысык-Көлдү шакекчеси, Бишкек–Кара–Балта трассасы, облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдорду реабилитациялоо;

Бишкек–Нарын–Торугарт, Бишкек–Ош–Иркештам, Ош–Баткен–Исфана транзиттик магистралдары;  -Кыргызстан-Кытай темир жолун курулушу;  “Манас”, “Ош”, “Тамчы” аэропортторун модернизациялоо;

Токтогул ГЭСинин, Бишкек ТЭЦин кубаттуулуктарын жогорулатуу, жаңы энергетикалык обьекттерди куруу менен кубаттуулукту жогорулатуу. Мында Камбар-Ата 1-2, Жогорку Нарын жана Сары-Жаз сыяктуу ГЭС долбоорлору; CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү,

Аймактарды, шаар жана айылдарды газ менен камсыз кылуу.

Өлкө боюнча билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин имараттарын жаңы салуу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү

Муну менен катар өкмөт “Кара-Кече” көмүр кенин  комплекстүү өздөштүрүүгө артыкчылык берилет.

Ошондой эле санариптик теле радио берүүгө өтүү боюнча долбоорду ишке ашырууну аяктайбыз. Мунун негизинде 4G стандартын масштабдуу киргизүү колдоого алынат.

Ага ылайык өлкөбүздүн аймагынын 85 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болот.

Төртүнчү багыт-экспортту өнүктүрүү жана импорттолгон товарларды өзүбүздө өндүрүүнү (импортозамещения) колдоо

 Бул багытты алга жылдыруу үчүн өнөр жайды техникалык мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгып, ага ылайык тиешелүү адистерди, инженерлерди даярдоо, жаңы технологияларды киргизүү маселелерин  чечүү зарыл.

Мында Евразия экономикалык биримдигинин чоң базарынын потенциалын максималдуу түрдө пайдаланабыз.

Бул багытта өкмөт чек ара өткөрмө пункттарын  модернизациялоону, заманбап шартка жооп берген аккредитациялык лабораторияларды ар бир облус борборунда курууга басым жасайт.

Биз негизги приоритет катары жашылча-жемиштерди, эт, сүт жана сүт азыктарын кайра иштетүү, тигүү тармагын, туризм, кызмат көрсөтүү, бөтөлкөгө куюлган табигый суу, ширелерди экспорттоону тандап, бул тармактарды өнүктүрүүгө артыкчылык беребиз.

Ата Мекендик жана жергиликтүү экспорттоочуларга өкмөттүк кепилдик аркылуу кыска мөөнөттүү экспорттук кредиттер берилет. Ошондой эле салыктык төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу механизмин ишке киргизүү улантылат.

Бул багытта ар кыл документтерди толтурууга кеткен убакытты жана чыгымдарды кыскартуу зарыл.

Мында Соода-өнөр жай палатасынын ролу күчөтүлүп, мамлекеттен колдоо алган бардык экспорттук ишканаларга көмөк көрсөтүшү керек.

  Урматтуу депутаттар!

Жаңы өкмөт сунуштап жаткан программа учурдагы шартты, талапты жана мүмкүнчүлүктү эске алуу менен реалдуу түрдө ишке аша турган пландардын негизинде иштелип чыкты. Аларды ишке ашырууга бүгүн бизде саясий эрк, конкреттүү план бар.

Биз тандап алган бешинчи багыт- жогорку натыйжалуу финансы системасын түзүү.

Бул үчүн өлкөдөгү фондулук рынокту жандантып, аны мамлекеттик кызыкчылыкка колдонуучу система катары түзүү милдети турат.

Ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу рыногун түзүү боюнча иштер улантылат.

Муну менен катар мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын акцияларынын 5-10 пайызын эркин жүгүртүүгө чыгарууну сунуштап жатабыз.

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөнүн эске алуу менен Өкмөт ипотекалык облигацияларды чыгарууну жана аларды фонддук рынокто сатуу демилгесин ишке ашырат.

Алтынчы багыт катары Эмгек рыногун инновациялык жолдор менен өнүктүрүү тандап алынды

Азыркы учурда эмгек рыногуна жүргүзүлгөн изилдөөлөр суроо талап жумушчу күчкө эмес, анын сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин көргөзүүдө.

 Бул жаатта мамлекет кесиптик билим берүүнү жакшыртууга маани беребиз.

Биз артыкчылыктуу багыттарды тандап алып, ал багыттар боюнча адистерди даярдаган окуу жайларды материалдык-техникалык базасын чындоого жардам беребиз.

 Өлкөбүздө эмгек базарынын суроо-талаптары жакшылап изилдениши керек.

Сыртка жумуш издеп кетип жаткан жарандарыбыздын экономикалык жана социалдык укуктарын коргоо менен бирге алар башка өлкөгө чыгаар алдында бир кесипке ээ болушу маанилүү.

Ошондо гана биздин жарандардын өз укугун коргоого жана ыңгайлуу шартта иштеп, татыктуу айлык-акы табууга мүмкүнчүлүгү болот.

Муну менен катар Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк компанияларда эмгек квоталарын түзүп, жергиликтүү калктан кызматкер, жумушчуларды алышына шарт түзөбүз.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алып, бирдиктүү социалдык салык түрүндөгү альтернативдүү вариантты карап көрөбүз.

Жетинчи багыт – Элетти өнүктүрүү жана урбанизацияга шарт түзүү

Кыргызстанда калктын 60 пайызга жакыны айыл жергесинде жашайт жана 32 пайызга жакын калкыбыз айыл чарба тармагында эмгектенет.

Ошондуктан айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү экспорттук саясаттын артыкчылыктуу багыты болууга тийиш.

Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү үчүн улуттук программаны иштелип чыгат.

Анда негизги идея - кичи шаарлардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн артыруу жана кичи шаарлардын тегерегинде айыл-кыштактардын өнүгүшүнө шарт түзүү.

Кыргызстан боюнча бул программага 15-17 шаарды киргизүү пландалууда.

Мында социалдык, транспорттук инфраструктурага жана турак-жайга гана эмес, ири өндүрүштүк долбоорлорго да мамлекеттик жана жекече инвестициялар талап кылынат.

Шаарларга чектеш айылдар даяр өндүргөн продукциясын шаарларга сатышы үчүн логистикалык борборлорду түзүү каралган. Башкача айтканда, дыйкан өндүргөн продукциясын “талаа-шаар-экспорт” схемасынын негизинде ишке ашырып, сатууга мүмкүнчүлүк алат

Республиканын бардык облустарында логистикалык борборлорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле кичи шаарлардын жана шаарга жакын жайкашкан айылдардын тургундары сапаттуу медициналык тейлөө жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Муну менен катар аймактарда “жеткиликтүү турак жай” программасын  ишке ашыруу  менен ички миграцияны кыскартуу пландалууда.

Элет жергесин өнүктүрүү үчүн негизги багыттардын бир катары айыл чарбасына жана кайра иштетүүгө колдоо көрсөтүү максатында Өкмөт кредиттик ставкаларга субсидия берүү, продукцияны экспорттоону камсыздандыруу чараларын сунуштайт.

Ошондой эле айыл чарбасында жаңы ыкмаларды колдонууну жайылтуу керек. Мисалы, биздин план боюнча жакынкы эки жылдын ичинде өлкө аймагында миң гектардан айдоо жерине тамчылатып сугаруу технологиясы киргизилет.

Республика боюнча миңге жакын күнөскана куруу жагы да каржыланат. Мындай жол менен ар бир айыл өкмөттө экиден кем эмес күнөскана курулат.

Күнөскана айыл чарбанын түшүмдүүлүгүн  он эселеп жогорулатат.

Өлкөбүздө өстүрүлгөн жашылча жана жер-жемиштердин жогорку экологиялык тазалыгы жана сапаты менен башка өлкөлөрдөн айырмаланып турат.

Аны улуттук визиттик карточка катары колдонушубуз керек.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн алкагында жер-жерлерге МТСтерди (машина-трактордук станция) уюштуруу жана айыл чарба техникаларын узак мөөнөттүү лизингге берүү, жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча программа улантылат. Насыялардын өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштырабыз.

Муну менен катар өлкөбүздүн баардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу улуттук приоритет бойдон калат. Өкмөт аймактарда таза суу түйүндөрүн курууга кошумча каражаттарды табуу милдетин өзүнө алат.

Негизинен өлкөнүн администрациялык-аймактык түзүлүштү өзгөртүү боюнча талкуулар  бышып жетилди. Бул багытта  комплекстүү даярдык иштерин жүргүзүлүп, 2016-жылы ишке ашыруу каралып жатат.

Сегизинчи багыт–Атаандаштыкты (конкуренцияны) өнүктүрүү

Мамлекеттин экономикага катышуусун кыскартууга чечкиндүү кадам жасоо керек. Ал үчүн бардык мамлекеттик ишканаларды жоюу же болбосо менчиктештирүү менен акционердик коомдорго айландыруу зарыл.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Улуттук башкаруучу компания болуп кайра түзүлөт. Компаниянын максаты стратегиялык ишканаларды натыйжалуу башкаруу Энергетика тармагында улуттук энергетикалык холдинг түзүлөт.

Тогузунчу багыт - Адамдын өнүгүүсү келечектин негизи

Өлкөнүн негизги байлыгы анын жарандары. Эгер биздин жарандар сабаттуу жана саламаттыгы чың болсо анда өлкөбүздү тез жана ыкчам өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.

Ошондуктан, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыгы болуп калат.

Өкмөт кенже жаштагы бардык балдардын билим алышына шарт түзүү максатында өлкөнүн бардык региондорунда мектепке чейинки билим берүү тармактарын жана жаңы методикаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эффективдүү иштетүү аркылуу мугалимдердин жана дарыгерлердин статусун жана мотивациясын жогорулатуу боюнча иштер улантылат.

Ошол эле учурда билим берүү жана медициналык  тейлөөнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Жогорку билим берүү системасында сапатты жогорулатуу үчүн көз карандысыз аккредитациялоо жана университет, институттар арасында рейтингдер ишке киргизилет.

Билим берүү тармагын каржылоо принциптери өзгөртүлүп, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат ар бир окуучунун татыктуу билим алышына жумшалууга тийиш.

Саламаттык сактоо тармагында негизги артыкчылыктуу багыттардан болуп ооруулардын алдын-алуу, профилактика иштерине басым жасалат.

Бул багытта калк арасында кеңири жайылган жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, онкологиялык илдеттер, диабет, кургак учук сыяктуу оорулар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Ошол эле учурда жаштарды сергек жашоо образында тарбиялоого, массалык спорт жана дене тарбияны жайылтууга көңүл бурулат.

Өкмөт медицинага жана билим берүүгө жеке инвестицияларды тартуунун  эсебинен атаандаштык чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишке киргизилет жана бир катар кызматтар рынокко аутсорсингге өткөрүлүп берилет.

Жаштардын өз жөндөмдөрүн, анын ичинде спорт, маданий-эстетикалык, социалдык-коомдук активдүүлүктөрү аркылуу ишке ашырууга көмөктөшчү программалары иштелип чыгат.

Кыргыз маданияты сакталып жана өнүктүрүлүүгө тийиш. Биздин милдет өз тарыхыбызды, тамырыбызды унутпай, салттарыбызды сактаган руханий жактан бай муунду тарбиялоо.

Бул багытта жакында өкмөт кабыл алган атайын программанын негизинде кино, театр, музей, балет исскуствосу жана улуттук көркөм өнөрдү өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Мамлекетибиздин тарыхын даңазалоо жана урпактарга өткөрүп берүү максатында кинематография тармагында мамлекет буйрутма  менен көркөм жана тарыхый тасмаларды системалуу түрдө тартууга көңүл бурулат.

Онунчу багыт–Айлана-чөйрөнүн туруктуулугу жана “жашыл экономика”

Мамлекет айлана-чөйрөнү коргоо маселесине кам көрүүгө тийиш. Бул багытта экологияга зыян келтирүүчү долбоорлорду дыкат көзөмөлгө алабыз.

Андыктан  бардык инвестициялык долбоорлор баштоодон мурун айлана-чөйрөгө коркунучунун деңгээли экспертизадан өткөрүлөт.

Жаратылыштагы ресурстардын бардык түрүн рационалдуу пайдалануу жана табигый тазалыгын сактоо боюнча программа иштелип чыгат. Анда негизги ресурсубуз – сууга басым жасайбыз.

Электр энергияны үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу маданиятын өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле энергиянын альтернативалуу булактарын пайдалануу үчүн шарттар түзүлүшү керек.

“Жашыл” экономика үчүн олуттуу элементтердин бири болуп өлкөнүн экономикасынын бүтүндөй материалдык базасын технологиялык модернизациялоо эсептелет.

Ушуга байланыштуу айлана-чөйрө үчүн зыяны азыраак жабдыктардын импортун көбөйтүш үчүн жеңилдиктер каралат.

Он биринчи  багыт–жарандарыбызга коопсуздук түзүү

Мамлекеттин негизги милдети - мамлекеттүүлүктү чыңдоо, мыйзамдуулукту, тартипти, улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо.

Өкмөт аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аранын бекемдигин камсыздоо боюнча иштерди улантат.

“Чек ара кызматынын потенциалын чыңдоо жана чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу ” боюнча Мамлекеттик программа  толук кандуу  каржыланат.

Милициянын негизги милдети кыска убакыттын ичинде коомдун жана жарандардын ишенимин кайтаруу.

Бүгүн Ички иштер системасын реформалоо коомчулуктун талабы болууда .

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү жана коомдук тартипти, коопсуздукту сактоону күчөтүү багытында криминалдык милицияны түзүү сунушталууда.

Ал эми жол-кайгуул кызматы,  түп тамырынан өзгөрөт жана кайгуул милициясы болуп кайра түзүлөт.

Кайгуул милициясынын ар бир кызматкерине портативдик видеорегистратор, пост-терминалдарды милдеттүү түрдө пайдалануу практикасы киргизилет.

Мындай жол менен айдоочулук күбөлүктү алып, пара талап кылууну жок кылмакчыбыз.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу аркылуу ири шаарларда жол кыймылын контролдоонун автоматташтырылган системасын киргизүүнү тездетүү боюнча аракеттер көрүлөт.

Өз ишине берилген, маданияттуу жана адискөй кадрларды тандоо  максатында, ички иштер органдарынын кызматкерлери конкурстук негизде тандалат.

Укук коргоо, чек ара, аскер жана атайын кызматтын кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасы улантылат.

Ошону менен бирге кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлүп, аларды материалдык-техникалык камсыздоо жакшыртылат. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү бир гана органга тапшырылат.

Аталган орган бул тармак боюнча бардык жоопкерчиликти өзүнө алат.

Диний экстремизм жана террорчулук көрүнүштөрү менен байланышкан акыркы окуяларды эске алуу менен мындай кылмыштарга каршы күрөш күчөтүлөт.

Адам укугу жана эркиндиктерин сактоо өкмөтүн  негизги приоритеттеринин бири. Бул тармакта адам укугун коргоо, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жана адилеттүү сот системасын түзүү боюнча бардык аракетин улантат.

Урматтуу депутаттар!

Мен айтып өткөн 11 приоритеттүү багыт өтө тездик менен кыска убакыттын ичинде ишке ашырылат. Себеби бизде аны создуктурууга, күтүп отурууга убакыт жок.

Муну менен катар өкмөт 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында каралган бардык тармактар боюнча ишти активдүү улантат.

Өкмөттүн программасында абдан амбициялуу пландар, кадамдар каралган.

Аларды ишке ашыруу үчүн бийликтин бардык бутактары “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып, биргеликте иш алып барышы керек.

Биз Жогорку Кеңеш менен кызматташтыкты бекемдеп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн биргеликте иш алып барабыз.

Биз ачык-айкын жана таза мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө даярбыз.

Өкмөт, жалпы эле аткаруу бийлиги жарандарыбыздын мамлекетти башкарууга активдүү катышуусуна бардык шартты түзүп берет.

Калкыбыз бакубат, байгер, коопсуз өлкөдө жашоого татыктуу.

Премьер-министр катары өкмөттөгү ачык-айкындык, тазалыкты камсыз кылып, “жаманын көтөрүп, жакшысын тең бөлүшөм”

Урматтуу депутаттар !

Кадырман эл өкүлдөрү, сиздер менен эриш-аркак мындан ары эң эркин, өнүккөн, кубаттуу, өлкөнү курабыз деп ишенем.

Биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдетти толугу менен аткарып, кыска убакыттын ичинде өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз".

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү