15
Январь
С 1 марта будет повышена зарплата сотрудников правоохранительных органов и отдельных категорий военнослужащих
Өкмөттүн тиешелүү Токтомуна 14-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
“2013-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек маянасын жогорулатуунун үстүндө иштедик. Ички дүң продукциянын жана экономиканын өсүшү аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек маяналарын жогорулатууга шарт түздү. Бул биринчи гана кадам. Экономикалык ыңгайлуу кырдаалдын жана саясий туруктуулуктун болушу бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысынын туруктуу жогорулашына алып келет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Документке кол коюп жатып Өкмөт башчы бул чечим укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын шарттарына карата бирдиктүү ыкманы камсыздоо максатында кабыл алынганын белгиледи.
Буга ылайык, 2014-жылдын 1-мартынан баштап төмөндөгү кызматкерлердин акчалай маянасынын жана пенсиялардын орточо көбөйүүсү 37 пайыз тартибин түзөт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегер кызматынын;
-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүүчү мекемелерди кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү боюнча департаментинин аскер кызматкерлеринин.
Бул чечим 2014-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө кирет.
Токтомдун кабыл алынышы менен, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын пенсиялары олуттуу көбөйө тургандыгын белгилеп кетүү керек. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга республикалык бюджеттен 1,6 млрд.сом көлөмүндө каражаттар бөлүнөт.
Мындан тышкары, Премьер-министр Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналдарынын эмгек акысын 100 пайызга көбөйтүү тууралуу Токтомго кол койду.
Бул чечим 2014-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү