23

Август

2016

Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөшүүдө ар бир козголгон жана токтотулган иштер боюнча иликтөө жүргүзүлсүн

Коррупция менен күрөшүүдө тиешелүү органдар тарабынан ар бир козголгон жана токтотулган иштер боюнча иликтөө жүргүзүлсүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдын жыйынтыгы жана 2016-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн Өкмөттүн жыйынында билдирди. Анда  2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планынын аткарышы талкууланды.

«Бир айда укук коргоо органдары тарабынан орто эсеп менен 102 кылмыш иши козголсо, анын 42% сотко жөнөтүлөт. Анын ичинен 12% убактылуу токтотулат, ал эми калганы таптакыр жабылат. Мындан улам логикалык суроо өзүнөн өзү келип чыгат, же кылмыш иштери туура эмес козголот, же алар атайылап эле жабылат. Коррупциядан орду толтурулган зыяндын 640 млн сому казынага түшүрүлгөн. Бул жалпы зыяндын 53,3% түзөт. Мунун ичинде УКМК  Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын үлүшү 57,8%, ИИМ – 9,6 % түзсө, ал эми  Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмтынын көрсөткүчү болгону 2,8% түзөт»,- деди Премьер-министр.

Коррупцияны кыскартуу боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүүдө мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызыкчылыгынын жоктугун сынга алган Өкмөт башчы, өз милдеттерин так аткара албаган айрым министрлерге эскертүү берди:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Э.К.Сариевага;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Т.А.Батыралиевге;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы К.К.Муратбековго;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиевага;

- Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлектетик агенттигинин директору А.А.Рустамовго.

«Биз коррупция менен күрөшүү жана алдын-алуу иштерин активдештирип, аны жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты сапаттуу ишке ашырууга болгон күчүбүздү жумшоого милдеттүүбүз»,-деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Экономика министрлигине коррупцияга каршы күрөшүү чараларына мониторинг жана баалоо функциясын Өкмөттүн Аппаратына өткөрүп берүү боюнча  Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан сырткары, Маалыматтык технологиялар жана байланыш  комитети  коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырган мамлекеттик башкарууда маалыматтык системаларды киргизүү боюнча  сунуштарды киргизүүгө милдеттендирилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү