30

Январь

2014

Состоялось очередное заседание комиссии по оптимизации системы предоставления государственных и муниципальных услуг

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Башчысы- министр Нурханбек Момуналиевдин жетекчилиги алдында  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу боюнча Мекемелер аралык комиссиянын  кезектеги жыйыны болду.

Жыйындын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги, экономика  министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу каттоо кызматы тарабынан мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү тизмегине кирген 18 долбоордун үлгүсү көрсөтүлдү.

Ошондой эле,  жыйында мамлекеттик кызматтардын тизмегин стандарттоо жана системалаштыруу маселелери каралды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги  жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу менен биргеликте негизги нормаларды, жергиликтүү муниципалдык кызматтардын жана аларды стандарттоо тизмегин регламенттештирүү процессин иштеп чыгып, талкууга сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик агенттигине ченемдик укуктук актылар долбоорлорун  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коюу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, экономика министрлиги Билим берүү жана илим, Социалдык  өнүгүү, Эмгек, миграция жана жаштар министрликтери тарабынан Кыргыз Республикасынын Мекемелер аралык комиссиясында каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 12 стандартын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна койду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү