23

Апрель

2014

Состоялось очередное заседание координационного совета по правам человека

Бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Абдырахман Маматалиев белгилегендей, адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн приоритеттүү милдеттеринен болгон жана боло берет. “Биз бул багытта ишти өнүктүрүшүбүз керек жана координациялык кеңеш башкы звенолордон болуп кала берет”, - деди ал.

Андан соң, жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык актылардын аткарылышы боюнча экинчи, үчүнчү, төртүнчү бириктирилген коргоо жөнүндө отчету менен юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева тааныштырды. Ал 10-11-мартта Женева шаарында корголгонун айтты. “Биз БУУнун комитетинин адам укуктары боюнча сунуштарын алдык. Учурда алар министрликтер менен мекемелерге жөнөтүлгөн жана алар ал сунуштардын аткарылышы боюнча өз көрө билүүлөрү керек”,- деп кошумчалады Жылдыз Мамбеталиева.

Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Униварсалдуу мезгилдүү сереп процедурасы боюнча улуттук доклад даярдоо боюнча маалымат берилди. Бул жерде жарандык коом жана серепчилер менен биргеликте маалыматты жалпылап, акыркы үлгүсүн даярдоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тууралуу айтылды. Абдырахман Маматалиев эки күндүн ичинде мекемелер аралык жумушчу топтун курамынын тизмесин аныктоону тапшырды. Ал аталган маселе боюнча сапаттуу улуттук кеңеш жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Жыйында мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укугун коргоого багытталган БУУнун Конвенциясынын жоболорун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү докладын даярдоо, балдар укуктары коргоо боюнча БУУнун Конвенциясынын жоболорунун Кыргызстан тараптан аткарылышы багытында бириктирилген бешинчи-алтынчы улуттук докладын даярдап, коргоо маселелери талкууланды.

“Доклад даярдоочу делегаттардын катарына чыныгы өз ишин билген адамдар кириши керек. Докладды коргоо учурунда суроолор берилет жана делегация мүчөлөрү так, даана жооп берүүгө тийиш”, - жеп сөзүн жыйынтыктады Абдырахман Маматалиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү