10
Апрель
2014
Жоомарт Оторбаев Тажик Республикасынын Премьер-министри Кохир Расузода менен телефон аркылуу байланышты
Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Тажик Республикасынын премьер-министри Кохир Расузода менен телефон аркылуу байланышты.
Тажик Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевди Кыргыз республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Сүйлөшүү учурунда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында эки тараптуу маселелердин жана министрликтер менен мекемелердин бирдигинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги тууралуу сөз кылышты.
Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын, ошондой эле жакын арада күтүлүүчү жумушчу жолугушуулары жөнүндө кеп кылышты.
Сүйлөшүү жылуу маанайда өттү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү