11

Январь

2014

Состоялся телефонный разговор Вице-премьер-министров Кыргызстана и Таджикистана Токона Мамытова и Муродали Алимардона

Бүгүн, 11-январда, Кыргызстан менен Тажик Вице-премьер-министрлери Токон Мамытов жана Муродали Алимардон эки мамлекеттин чек арачыларынын ок атышуусуна байланыштуу телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Токон Мамытов менен Муродали Алимардон жогорудагы факт боюнча биргелешиш териштирүү иштерин жүргүзүүгө макулдашышты. Бул максатта, Кыргызстан менен Тажик Чек ара кызматынын башкы штабынын башчылары, ички иштер министрлеринин орун басарлары окуя болгон жерге жөнөтүлдү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Тажик Республикасынын Согд облусунун губернатору биргелешип иш алып барышат.

Биргелешип жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы эки өлкөнүн Вице-премьер-министрлерине билдирилет. Зарылчылыгы болсо,  Токон Мамытов менен Муродали Алимардан окуя болгон жерде жолугушууга даяр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү