25
Январь
2014
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку түзүлдү
Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун биринчи тизилиш аземи болду.
Өкмөт башчы жаңы түзүлгөн полк көчөлөрдө жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү мезгилинде, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда күч-каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.
“Мындан ары ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку заманбап автотехникалык, атайын каражаттар, байланыш каражаттары жана башка зарыл болгон жабдуулар менен камсыз болушат”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Куттуктоодон кийин Премьер-министр полк үчүн алынган атайын техниканы көрүп чыкты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү