25
Декабрь
Среди ответработников госорганов проведена разъяснительная работа относительно внесений изменений в Закон «О порядке рассмотрения обращений граждан»
Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандардын каттарын жана кайрылууларын кароо бөлүмү тарабынан министерстволор жана административдик мекемелердин жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда 2013-жылдын 15-июлундагы № 144 “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча кеңешме өттү.
Белгилей кетсек, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү калктын кайрылууларын карап чыгуу боюнча ишти жакшыртууга багытталган. Мындан ары, Кыргызстандын жарандары аткаруу органдарына электрондук дарек аркылуу кайрыла алышат. Кат түрүндөгү (электрондук) кайрылуунун катталган убактысынан 14 күн ичинде карап чыгуу мөөнөтү белгиленген.
Ошондой эле, жарандардын кайрылууларын карап чыгуу боюнча аткаруучулар мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү