04

Август

2014

Т.Сарпашев и Чэ Цзюнь обсудили перспективные планы сотрудничества в сельском хозяйстве

Бүгүн, 4-августта, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев КЭР Синьцзян өндүрүштүк-куруу корпорациясынын Саясый комиссары Чэ Цзюнь башында турган кытай делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн кызматташуунун келечектүү пландарын талкуулады. Талкуунун негизги темасы катары айыл-чарбадагы биргелешкен пландарды ишке ашыруу маселеси каралды.

Т.Сарпашев белгилегендей, жыл өткөн сайын кыргыз-кытай мамилелеринде туруктуу өнүгүү темпи байкалууда. «Бүгүнкү күндө энергетика, жол, тоо-кен тармагындагы ири долбоорлор кытай капиталынын эсебинен ишке ашырылууда. Ага катар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде, тактап айтканда, айыл чарбасында жана кайра иштетүү өнөр жайында жаңы технологияларды колдонууда келечектүү бир катар инвестициялык долбоорлор бар. Өкмөт агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлордун тезирээк ишке киргизилишине кызыкдар», — деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр Кытайдын ирригациялык тутумду түзүү жана аны колдоо жаатындагы бай тажрыйбасына жогору баа берип, кытай тарапка атамекендик ирригациялык тутумду жакшыртууга катышуу сунушун кийриди.

“Мен жакын арада Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Ирригациялык тутумдун жаңы стратегиясын иштеп чыгууну тапшырдым. Жакынкы жылдары биз 50 миң га ашуун жерди тамчылатып сугаруу тутумуна өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Кытай тарапка аталган багытта кызматташууну жана Кыргызстанда тамчылатып сугаруу үчүн продукция өндүрүү боюнча завод куруу маселесин карап чыгууну сунуштайбыз», — деди Т.Сарпашев.

Чэ Цзюнь белгилегендей, Кыргызстанга болгон сапардын негизги максаты кызматташуунун, тактап айтканда, айыл чарба жаатындагы жаңы мүмкүндүгүн иликтөө болуп саналат. Анын айтымында, Кытай Өкмөтү өлкөнүн агрардык тармагына инвестициялоого кызыкдар. “Күн мурун Бишкекте Кытай Илимдер академиясынын дың жерлерди иштетүү боюнча айыл чарба көргөзмө борбору ачылды. Биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда негизги орунда туруучу бул көргөзмө борборуна чоң үмүт артуудабыз. Аталган база алкагында үч маанилүү функцияны: айыл чарбадагы алдыңкы технологиялардын бетачарын уюштуруу, өсүмдүктөрдү асылдандыруу жана адис даярдоо ишин аткармакчы. Келечекте аталган борбордун мүмкүндүгүн чыңдоо үчүн тийиштүү көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле аталган борбор алкагында алдыңкы технологияларды колдонуу жолу аркылуу жаңы жерлерди өздөштүрүү пландаштырылууда, натыйжада, Кыргызстан айыл чарба продукциясынын жетишпеген көлөмүн өзү өндүрүү мүмкүндүгүн алат. Биз ошондой эле заманбап логистикалык борборлордун курулушуна кызыкдарбыз», — деди ал.

Тараптар жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча келечектеги кадамдар жана аларды аткаруу мөөнөтүн макулдашышты.