30
Июль
Т.Сарпашев: Кредитные ресурсы для развития лизинга сельхозтехники будут только увеличиваться
Бүгүн, 30-июлда, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө лизинг шартында алынган жаңы айыл чарба техникасын тапшырды. Ошондой эле жыйынга Япониянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ катышты.
Тайырбек Сарпашев Япония Өкмөтүнө лизинг тутумун өнүктүрүүгө карата көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Айыл чарба техникасын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн кредиттик ресурстар жылдан-жылга көбөйтүлөт. Биз айыл чарба техникасын лизингге алуу үчүн жылына бөлүнгөн каражаттын суммасын 5 млрд сомго дейре көтөрүүнү пландаштыруудабыз. Бул бизге колдогу технопаркты кескин жакшыртууга шарт түзөт. “Кыргызстанга айыл чарба техникасын ташып келүүнү каржылоо” долбоорун ишке ашыруу максатында Евразия өнүктүрүү банкы 20 млн доллар бөлөт. Мындан тышкары, 40 млн евро польша кредитинин 24 млн евросу айыл чарба техникасын лизингге алууга багытталат. Аталган долбоорлордун ишке ашырылышы үстүбүздөгү жылдын күзүндө башталат», — деди ал.
Андан соң Биринчи вице-премьер-министр «Айыл-банктын» лизинг алуучуларына «Беларус-82.1» маркасындагы 4 жаңы трактор жана эки эгин жыйноочу комбайн тапшырды.
Иш-чара жыйынтыгында Тайырбек Сарпашев жана Такаюки Коикэ Кыргызстан жана Япониянын айыл чарба жаатындагы келечектүү кызматташууларын талкуулады.